Оштун аркасы

Ош шаардык мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак- жай маселелери боюнча департаментинин  жетекчиси Мирлан Исраиловдун айтымында,1990-жылдан тарта  жер  алуу максатында тиешелүү документтерин тапшырып, бүгүнкү күндө 21665 жаран кезекте турат.

-Ош шаарынын тургундарына Кең-Сай массивинен турак-жай курууга жер тилкесин бөлүп берүү үчүн 2005-жылдын 6-майында №177 каттоо  номери  менен КРнын  Өкмөтүнүн  токтому чыккан. Ал токтомго ылайык  Араван районуна караштуу 700 га.жер аянты шаардын балансына өтүүсү  каралган менен   азыркыга чейин  талаш-тартыш маселелер бар. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, Кең-Сай  массивин оңдоп-түзөөгө мамлекеттик бюджеттен 9,5 млрд. сом бөлүнүп, өткөн  жылы аталган массивдин  архитектуралык жактан тиешелүү пландоолору чийилген. Мындан сырткары,  жаңы конуштун көчөлөрүнө шагыл төгүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 360 млн. сом каралган.

Быйыл 470 жаранга жер берүү үчүн чечим даяр. Комиссиянын токтому чыкса, алардын ар бирине 6 сотыхтан жер тилкеси берилет. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев: «Жер тилкесин берүүдө кезек эч качан бузулбасын» деген тапшырма берген,-дейт М.Исраилов.

Гүлжамал Жороева, Ош шаары