немцов14 немцов немцов1 немцов2 немцов3 немцов4 немцов5 немцов6 немцов7 немцов8 немцов9 немцов10 немцов11 немцов12 немцов13

Сочи шаарында төрөлгөн, Борис Немцовдун кесиби физик болгон. Ал 29 жашынан баштап саясатка аралаша баштаган. 1988-жылы анын апасы атом станциясынын иштешине каршы кыймылды жетектеп, нааразылык акцияларына Немцов да катышат. Ушул окуядан эки жыл өтпөй ал “Демократия үчүн талапкерлер” бирикмесинен депутат болуп шайланат. 91-жылдын августундагы Москвадагы окуяларда Ак үйдү коргоого активдүү катышып, Борис Ельцин менен жакын мамиле түзөт. Борис Немцовду 27-февралдын түнүндө белгисиз адамдар атып кетишти. Анын сөөгү бүгүн  3-мартта жерге берилет.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА