Орусия Борбор Азия өлкөлөрүндө жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташуу программасынын алкагында Кыргызстанга мобилдүү диагностикалык борбор тапшырды.

1-декабрда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдиргендей, клиника берүү иш-чарасы Москва шаарында болуп, тастыктаманы Орусия Федерациясынын Каржы министрлигинин өкүлү А.Бокарев Кыргызстандын элчиси Болот Жунусовго тапшырды.

Бул колдоого ыраазычылык билдирген Б.Жунусовдун айтымында, биринчи ирет жай мезгилинде берилген мындай клиника учурда ийгиликтүү иштеп жатат.

«Биздин Саламаттыкты сактоо министрлигинин планы боюнча бул клиника жылдын аягына чейин өлкөнүн Чүй, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарында 6 миңден ашуун жаранды тейлеши керек. Бул долбоордун арты менен Кыргызстандын Орусияга эмгектенүү үчүн кетип жаткан жана ар кандай медициналык кызматтарды алууга мүмкүнчүлүгү жок жарандары жугуштуу оорулардын белгилери жөнүндө өз учурунда маалымат ала алат. Ошондой эле, акысыз негизде ВИЧ-инфекциясы, кургак учук жана башка оорулар боюнча тестирлөөдөн өтүп, текшериле алат», – деди Б.Жунусов.

Жаңы клиника Ош облусуна жөнөтүлө тургандыгын кошумчалады.

Мобильный диагностический центр (1)

Мобильный диагностический центр (2)

Мобильный диагностический центр (3)

Мобильный диагностический центр (4)

Мобильный диагностический центр (5)