Нур
Кылган ишине, сүйлөгөн сөзүнө так, ар дайым жар­кыл­даган жүзүнөн жазбаган ырчы, кыякчы айым Нурайым Азыкбаева жаш болсо да кыргыз маданиятында өз орду бар талант. Жашоодо чыгармачылыкты алдыңкы орунга койгон Нурайымдын акыркы жаңылыктарына кызыгып, кепке тарттык. 
– Нурайым, бутуң-бутуна тийбей иштеп жүргөн учуруң экен. Демек жаңылыктарың кенен эле болсо керек?.. 
– Чынында эле азыр болгон күч-аракетимди эмгектенүүгө жумшап жатам. Эс алууга таптакыр убактым жок. Мындан үч жыл мурун атам “Эне-Сай” тобун мага өткөрүп берген. Үч жылдан бери топтун жетекчиси менмин, атам болсо кеңешчим. Жетекчи болуу мен ойлогондон кыйын экен. Бирок азыр кыйынчылыктардын сыноолорунан бир сыйра өтүп, кадимкидей такшалып калдым. Жакында “Эне-Сай” тобун кеңейттик. Азыр топто ар кандай аспаптарда ойногон балдар, кыздардан сырткары бийчилер да бар. Жалпы отузга жакын адам эмгектенет. Элге жаңы төрт клип тартууладык. Бир жума мурун “Эне-Сай” тобу расмий түрдө президенттик оркестр деп аталдык. Бирок биз элдик топпуз, мындан ары да мурункудай эле элибиздин жакшылыктарында кызмат кыла беребиз. Азыр күз айы болуп тойлорго чакыруулар абдан көп. Күндүзү жумуш, кечинде тойлор болгонуна карабай үйдүн жумушуна дагы жетишкенге аракет кылам. Кызым бала бакчага барат. Мен 2-3 тойго барып келгенче уктап калган болот. Сагынып келем дагы боорума кысып өпкүлөп-өпкүлөп алам. Кээде кызым менен чогуу болгум келип, бала бакчага алып барбай жаныма ээрчитип алам. Ал да кубанып мени менен жыргап жүрө берет. Кудай буюрса 2-октябрда кызым эки жашка чыгат. Азыркыга чейин эмчектен чыга элек. Өзүм деле сүттү Жараткан берип жаткандан кийин эмизе берейин деп жатам (күлүп). 
– Жеке жашооңду артка калтырып, чыгармачылыкка гана басым койгондойсуң… 
– Мени расмий түрдө “карьераны тандады” деп айтсаңыз болот. Өзүм дагы ошол нерсени сезе баштадым. Негизи мен башында эле карьерамды түптөп алышым керек болчу. Турмушка жаштык кылып эрте чыгып алгам да. Эгерде мен 22 жашымда эмес, 25-26 жашымда чыкканымда көп нерсеге жетишип, ошол жетишкендиктериме ыраазы болуп олтурмакмын деп ойлойм. Бирок мен эч качан өкүнбөйм, бул да болсо мага жашоонун бир чоң сабагы болду. Негизгиси Жараткандын белеги-кызымды таптым. Мен азыр кызым жок жашоомду элестете албайм. Андыктан өкүнүч жок. Кызымдын кылык-жоругу баарын унуттуруп коёт. Кыз бала тың болот экен, экиге чыкпай жатып алып бергенимди жактырбай кийим тандап калат. 
– Турмушка эрте чыгып алганыңа баш айланткан сүйүү себепчи болгонбу? 
– Чынын айтсам катуу сүйүү деле болгон эмес. Мен деги эле башымды жоготуп сүйүп көргөн эмесмин. Чыныгы сүйүү эмне экенин билбейм. Менде Мукайга болгон жактыруу сезими гана болгон. Балким сүйүү болсо баарына чыдамактырмын. Негизи ар бир кыз “турмушка чыксам эле бактылуу болуп кетем” деп ойлойт эмеспи. Мен да турмушка чыксам жомоктогудай сонун жашоо болот деп ойлоптурмун. Жолдошум жаман адам эмес болчу. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” деген чын экен. Турмуш адамды ары-бери калчайт тура, ага чыдаганы чыдап, чыдабаганы мага окшоп кетип калат экен (күлүп). 
– Силер кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп эле баш кошподуңар беле? 
– Ошол кыз-жигит болуп жүргөн учурда деле менин аны менен жолугуп, кенен олтуруп сүйлөшкөнгө убактым болчу эмес. Ошондуктан аны толук билбей калдым. Эгерде азыркы акылым менен аны менен сүйлөшсөм эч качан ага турмушка чыкмак эмес болушум керек. Анткени экөөбүздүн көз карашыбыз эки башка болуп, тил табыша албай калдык. Мукайга ага баш ийе турган, үйдө олтурган аял керек экен. Мен чоң апамдан алган тарбиям боюнча ага баш ийгеним менен ичимдеги талантым тынч отургузбай койду. Мен кичинемден үйдүн оокатын кылып эле отура турган кыз эмес болчумун. 9-классымдан баштап өзүмдү өзүм багып, студент кезден ата-энеме жардам берип жүргөн кызмын. Бирөөгө көз каранды болгонду жактыра бербейм. 
– Кыз-жигит болуп жүргөндө “чыгармачылыгыма каршы болбойсуң” деп келишип алган эмес экенсиң да? 
– Мен ал адамга ишенчүмүн. Бирок эркек кишилер үй-бүлө кургандан кийин бир аз өзгөрөт тура. Анын үстүнө кайын журт деген болот экен. Анын ичинде түшүнгөн адам бар, түшүнбөгөн адам бар. А чыгармачыл адамга эркиндик бериш керек. Аял деп эле “үйдө олтур” деп тыя берсе, ал аял соолуп калышы ыктымал. Эркек деген гүлгө суу куйгандай аялга жакшы сөз айтып колдоо көрсөтүп турушу керек. Биз жарым жылдай бактылуу жашадык, андан кийин ага башка аял, мага башка күйөө керек экенин түшүндүк. Анан олтуруп жакшылыкча сүйлөштүк. Ал “сен өсө турган адамсың, бирок мен сага колдоо кыла албайм. Менин аялым үйдө олтурушу керек. Демек сени коё беришим керек” деди, “анда эмнеге мага үйлөндүң эле” десем, “мен сени жакшы көргөм” дейт. Ошентип экөөбүз бир жылга жетпей ажырашып кеттик. Ошол учурда менин кош бойлуу болгонума жети ай болгон эле. Кудай буюруп кыздуу болдум. Мукай азыр кызына келбейт, анын үй-бүлөсү, балдары бар.
– Кичинеңден ата-энең ажырашып жүрүп толук кандуу эмес үй-бүлөнүн жашоосун жакшы билип калдың. Бул нерсе сени ойлондурдубу? 
– Чынын айтсам ал нерсе мени абдан ойлондурду. Кызым атасы жок өсүп калабы деп түйшөлдүм. Кайра кызым ата-энеси тил табыша албай, дайыма уруш-талаш болуп, сый кетип калган үй-бүлөнү көргөнчө, атасыз болсо дагы тынч жашоодо өсүүсүн кааладым. Келечекте эмне болот бир Жараткан билет. Менин маңдайыма да бирөөнү жазгандыр, кызым татыктуу аталуу болуп калар. Жамандыктын артынан жакшылык болот эмеспи, мен ар бир жамандыкты жакшылыкка жоруйм. 
– Үй-бүлөнү эмес, ка­­рье­раны тандап кетишиңе атаң кандай карады? 
– Бул никеге атам башында эле каршы болгон. Анткени атам он жыл алдыга ойлонгон киши. Мен Мукай менен сүйлөшүп жүргөндө эле “турмушка чыгууга шашпа” деп түшүндүрүп айткан. Бирок мен укпай, шашып турмушка чыгып кеттим. Мен кетип жатканда атам “бул буйрук, бактылуу болгула” деп батасын берип жатып “бул бала сени бактылуу кыла турганына менин көзүм жетпейт” деген. Мен унчукпай ичимден ойлонуп калып калгам. Атамдын ал сөзүн кийин түшүндүм. Ошондуктан азыр атамдын сөзүн угуп калдым. Анткени айткан сөзү туура келип калат, көрөгөч, акылман адам. Биз ажырашып жатканда дагы ата-энебизди кошпой, Мукай экөөбүз эле чечтик. Мен үйгө келгенде атам мага бир дагы суроо берген жок. Өзүмдү абдан күнөөлүү сезгеним менен билдирген жокмун. Мурда үйдө кандай жүрсөм ошондой эле аралашып кеттим. Ата-энемдин дагы башынан андай турмуш өткөндүктөн мени түшүнүштү. Аларга абдан ыраазы болдум. Учурда алар менен чогуу турам, бөлүнүп жалгыз жашагым келген жок. 
– Ата-энеңди “кайрадан эки башка жашап калыптыр” деген сөздөр бар, ушул сөздүн канчалык чындыгы бар?
– Жок, чогуу эле жашап жатабыз. Апам дин жолуна түшүп намаз окуп, хиджаб кийип калганына байланыштуу сахнага чыкпай калган. Ошондон улам ушундай сөздөр айтылса керек. Эми ушул куракта кайра эки башка кетишсе болбой калса керек. Апам азыр убактысынын көбүн мечиттерде, таалимдерде өткөрөт. Эми жүрөгү ошону каалап, ошол нерседен бакыт тапса жакшы эле да. Азыр апам беш маал намазын окуп, неберелери менен үйдө. 
– Апаң дин жолуна түшкөнүнө байланыштуу сенин музыканы тандап алганыңа карата түшүнбөстүк жаралдыбы? 
– Ооба, түшүнбөстүктөр болгон. Мага дин жолун үйрөтүү апамдын парзы экенин түшүнөм. Бирок апам болсо дагы мен ага:”Апа, мен музыка менен кенедейимден алектенип келе жатам. Ошондуктан таштай албайм”-деп каршы болдум. Азыр апам экөөбүз мурункудай жакын эмеспиз. Мурда мен концертте болгон окуяларды айтып келип, каткырып отуруп калчубуз. Азыр болсо айтпайм, анткени апама андай нерселер кызыксыз. Атам дагы кыргыздын салттарын кармаган патриот болгондуктан, апам экөөнүн ортосунда да талаш болуп кетет. 
– Эми теңиң катары кандай адамды элестетесиң? 
– Азыр андай мамилеге жүрөгүм даяр эмес. Негизи чыгармачыл айым үчүн ушул тармакта жүргөн мырза менен жашоо оңой. Анткени чыгармачыл адам гана “бул анын иши” деп түшүнүү менен карайт. Өзүм дагы келечектеги жолдошум дайыма жанымда жүрсө деп көп ойлочумун. Анткени гастролго чыкканда көптөгөн кызыктуу көз ирмемдер болот. Жолдошум ошолорду мени менен чогуу көрсө кандай жакшы. Ошондуктан келечектеги түгөйүм чыгармачыл адам болсо жакшы эле болмок. 

Динара Чокоева, “Ledi.kg”