Назарбаев Нур

11-февралда Казак Өкмөтүнүн кеңири жыйынына катышкан Президент Нурсултан Назарбаев: “Казакстан глобалдык кризистин таасирин сезип жатат, бирок өлкө экономикасында кризис жок”, – деп айтты.

Анын пикиринде глобалдык кризис – тышкы фактор. Анын биринчисин мунай баасынын эки эсе түшүп кеткендигинен, экинчисин орус рублинин кунарсыздангандыгынан көрүүгө болот. Казак теңгеси мунай баасына жана наркы түшүп жаткан орус рублине көз каранды экендиги белгилүү. Тенгенин курсун чукул түшүп кетүүдөн сактоого бийлик бардык чараларды көрүп жаткандыгын билдирген Нурсултан Назарбаев улуттук компанияларды теңгени колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Эске салсак, 2014-жылдын 11-февралында Казакстандын Улуттук банкы теңгени 19%га чейин девальвациялаган. Эксперттер өлкөнүн валюталык рыногундагы дисбалансты калыбына келтирүүүчүн кайрадан девальвациялык кадамдарга баруу зарыл деген пикирлерин айтышууда.

Назарбаевдин айтымында, республикалык бюджет быйыл 700млрд. теңгеге кыскартылат. Бирок, мамлекеттин социалдык милдеттенмелери толугу менен аткарылат.

“Мунай жүз доллар болуп турган кезде жакшы жашадык. Акчаны оңду-солду чачтык. Эми чөнтөгүбүзгө жараша жашоого туура келет”, – деген Президент той-топурларды азайтуу, Универсиада менен ЭКСПОго каралган каражаттарды кыскартуу керек деген оюн кошумчалады.

Ушул эле күнү Орусиянын финансы министри Антон Силуанов мамлекеттик бюджетте каралган чыгымдарды дагы 600 млрд. рублга ($9,17 млрд.) кыскартуу зарыл деген көз карашын билдирди.

Антикризистик программага ылайык, буга чейин чыгымдарды 900 млрд. рублга ( $13,8 млрд.) азайтуу белгиленген. Натыйжада, бюджеттик чыгымдар 2015-жылы 1,5 трлн. рублга ($22,19 млрд.) чейин кыскартылат. 2016-жылы бюджетте каралган чыгымдар 2,6 трлн. рублга ($39,720) чейин кыскартылышы мүмкүн.

Даярдаган Атай АЛТЫМЫШЕВ