OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагындагы Орто-Саз айылында «Гүлназик-Орто-Саз» бала бакчасынын ырасмий ачылыш шааниси өткөрүлдү. Анын ишине өкүл Аманбай Кайыпов, КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Накен Касиев, район акими Түгөлбай Жанбоев, коомчулук катышышты.

-Биз 12-февралдан тарта балдарды кабыл ала баштадык. Бакчабыз 50 орундуу. Дагы эки топко 30 баланы 3 сааттык программа менен окутмакчыбыз. Учурда 13 адам иштеп жатышат. Бакча көмүр менен жылытылат. 4 тонна көмүр алынган. Дагы 2 тонна айыл өкмөт тарабынан чечилет. Айылда 6 жашка чейинки 103 бала бар. Демек бакчага дээрлик 100 пайыз балдар тартылды десек болот,-деген пикирин билдирди бакчанын жетекчиси Аида Алпекова айым.

Береги бала бакча пайдубалынан тарта жаңы курулуп, ага айыл өкмөттүн жергиликтүү капчыгынан 1 млн. 526 миң, MSDSPKG коомдук корунан 1 млн. 240 миң жана жергиликтүү коомчулуктан 498,9 миң сом каражат жумшалган.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу