коррупция1

 Жер-жерлерде курулуп жаткан курулуштардын сапатсыздыгын облустук атайын кызматтын кызматкери Адилет Амуров атайын жыйында белгиледи.

-Бир айылда мектеп маселен 50 миллион сомго салынат. Бирок үч жылдан кийин жараксыз абалга келе баштайт. Ошондуктан коррупция менен күрөшүү жалгыз эле укук коргоо органдарынын иши болбостон, жалпыбыздын ишибиз болсо,-деди А.Амуров атайын отурум маалда. Бирок анын жүйөөсүн айрым жарандар негизсиз кеп катары баалашты.

-Ар бир укук коргоо органдардын ишмердүүлүгү бар. Бирок коррупция менен күрөшүүдө кайдыгерлик мамиле болууда. Негизи иш жок. Болгону кагаз жүзүндө гана калууда,-деген пикирин шаардык троллейбус ДЕПО ишканасынын жетекчиси Жумабек Осмоналиев билдирсе, шаар мэриясынын башкы адиси Мурат Бабаев жаңылануу жараяны жоктугун белгиледи.

-Үч жылдан бери баякы эле сөз болуп келе жатат. Элди тарта турган, жаңыча нерселер жок болууда,-деди М.Бабаев мырза. Ал эми шаардагы №18-балдар бакчанын башчысы Нургүл Асипбаева аталган бакчага сатылып алынган имараттын чырына чекит коюла электигин, мында коррупциянын элементтери бар экендигин кеп кылды.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу