Нарында коррупция боюнча бир жылда бир да кылмыш иш ачылган эмес
Атайын кызматтын Нарын облустук комитет башкармалыгынын кызматкери Адилет Амуров Кыргызстан дүйнөдө коррупциясы гүлдөгөн алдыңкы өлкөлөрдүн катарында тургандыгын атайын өткөрүлгөн жыйын учурунда билдирди.
-Биз соңку жылдары коррупциянын алдын алуу жана аны кыскартып жоюу максатында жыйындарды өткөрүп келе жатабыз. Бирок тилекке каршы, эң өкүнүчтүүсү коррупцияны коомчулук сезбей жатат. Мына ушул жыйынга айыл өкмөттөрдү, бардык кызматтарды чакырганбыз. Алардын көбү келбептир,-деди А.Амуров мырза.
Чынында Нарын шаарынан жана Нарын районунан саналуу жетекчилер келгендиги белгилүү болду жана райондук бийликтен өкүл катышкан да жок.
Ошону менен катар А.Амуров өткөн жылда улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгы тарабынан 14 экономикалык кылмыш боюнча иш козголуп, алардан 10,5 миллион сомго жакын акча каражат мамлекетке кайтарылгандыгын, 4 иш сотко өткөндүгүн белгиледи.
-Анык коррупция боюнча канча кылмыш иш козголду,-деген собол берилди.
-Бир дагы иш козголгон жок,-деп жооп кайтарды А.Амуров мырза.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу
Комментарий кошуу