калем1

2014-жыл ичинде Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна туптуура 900 иш-кагаз кириш болгон. Алардын отузу жарандар тарабынан арыз-даттануу катары түшкөн. Бул тууралуу аталган борбордун деректири Анара Бердикожоева билдирди.

-Келип түшкөн бардык арыз-даттанууларга убагында жооптор берилди. Арыздардын 66 пайызы медициналык кызматкерлердин орой, кайдыгер мамилесине карата, 10 пайызы коррупциялык иш-аракеттер боюнча жазылган,-дейт А.Бердикожоева айым.

Ал эми жыл ичинде облустук алкакта медициналык кеңештин 9 пландуу, 6 пландан сырткаркы жана координациялык курамдын 4 отурумдары өткөрүлүп, 13 жетекчи жана орун басарларга тартиптик чаралар көрүлгөн экен.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу