1941-1945-жылдардагы Ата Мекендик согуштун катышуучусу Касымалы Абдиев 1922-жылы Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Азыркы учурда Нарын шаарынын Сагынбай Орозбак уулу көчөсүнүн №110 үйүндө турат,-деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Касымалы ата 7-класска чейин Өзгөрүш айылынын орто мектебинен билим алган. Андан кийин окуусун улантуу максатында Нарын шаарына келип, бирок окуусун улантпастан шаардагы дүкөндөрдүн биринде кызмат кылган. 1941-жылы 19 жашында аскерге кызмат өтөөгө Токмокко кеткен.

“Аскерге бараарда Нарындан мен курдуу уландар болуп Балыкчы шаарына чейин ат минип барганбыз. Ал жактан Токмокко ат араба менен кеттик. Токмокто 6-7 ай кызмат кылдык,”-деп эскерет Касымалы ата.

Аскердик кызмат өтөп жатып, 1941-жылы июль айында Токмоктон Беларусияга барып, ошол жактан согуштун жүрүшүнө аралаша баштаган.

Согуш учурунда бир канча жерлерге барган. Бирок барган жерлердин атын эч кимден сурап албаптыр.

– Бир канча жерлерге бардык. Чоң ооруканаларга бардым. Бирок бүттү өз жериме кайтып бара албайм го деп эч бир жердин атын сурап албаптырмын. Ошондуктан азыр барган жерлердин аттарын толук билбейм, – дейт К.Абдиев.

Согуш талаасынан өз жерине 1944-жылы апрель айында кайтып келген жана Нарын облустук аткаруу комитетинин алдындагы мобилизациялоо бөлүмүндө ага инспектору болуп 1946-жылга чейин эмгектенген. Андан кийин 1947-1948-жылдары Нарын облустук портеб союзунун уюштуруу бөлүмүндө кызмат кылып, андан соң облустагы базаларда, дүкөндөрдө эмгектенген. 1970-жылдан тартып ардактуу эс алууга чыккычакты «Кара темир» ишканасында иштеген. Ардактуу эс алууга 1982-жылы чыккан.

Жубайы Жанымбүбү Асаналиева экөө баш кошуп, 5 уул, 6 кызды тарбиялап чоңойтушкан.
Касымаалы ата Ата Мекендик согуш жылдарында «Ак эмгеги үчүн», «Ата Мекендик согуштун ардагери», Ата Мекендик согуштун жеңишинин 50, 60 жана 65 жылдыгынын жана узак убакытка чейин өз каалоосу менен эмгектенгендиги үчүн төш белгилерин алган. Ошондой эле Георгий Жуковдун наамындагы медалды да алган.