реклама1

“Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-мартта Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында каралып, жактырылды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Өмүрбек Текебаев. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Экинчи окууда мыйзам долбоорун талкууга комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев алып  чыкты.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта мезгилдүү басылмалар бүткүл дүйнөдө кризиске учурап бара жатат. Бүгүн гезиттер жарнакты мыйзам боюнча кааласа-калабаса дагы кыргызча-орусча басып чыгарышы керек. Мындай жагдай гезитте көп көлөмдү ээлеп калып жатат. Бул кошумча каражатты талап кылат.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору аркылуу  “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесинин 3-пунктуна мезгилдүү басылмалардагы жарнак ал басылма бастырылып чыгарылган тилде жана жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча кошумча башка тилдерде жайылтылышын караган ченемди киргизет.

Ал эми мурдагы талап көчөдөгү көрнөктөргө, теле каналдардагы жарнактарга кала берет. Себеби, аларда көлөм чектелбейт, кошумча каражат талап кылынбайт.

1-окууда түшкөн сунуш-пикирлер каралып, алардын айрымдары кабыл алынбагандыгы белгилүү болгондон кийин, мыйзам долбоору жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүү чечими кабыл алынды.