Мен муну партиянын буйругу катары кабыл алдым, деди Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева (КСДП) кечээ, 16-декабрда АКИpress агенттигине Кыргызстандын социалдык блок боюнча вице-премьер министрлик кызматына өзүнүн талапкерлигинин тандалгандыгы боюнча комментарий берип жатып.

«Фракция бул кызматка менин талапкерлигимди тандагандыгы үчүн өзүмдүн кесиптештериме абдан ыраазымын. Бул оор тилке жана ал жакта канчалык жумуш көп экендигин түшүнөм. Көп убакыт керек жана абдан көп аракеттер талап кылынат. Бирок, мен үчүн партия менен фракциянын чечими көп мааниге ээ.

Мен партиянын мүчөсү болгондуктан партиянын баардык чечимдерине баш ийишим керек. Мен муну партиянын буйругу катары кабыл алдым. Партиянын, фракциянын каалоосу, буйругу ушундай болсо, мен аны аткарышым керек», – деди Д.Ниязалиева.

«Чынын айтсам мага депутаттык орун көбүрөөк жагат, тынчыраак. Бирок, мен өзүмдүн жолдошторумду, партияны сыйлайм жана эгер алар чечишсе, анда мен алардын буйругун аткарышым керек. Эгер жеке мага жакшы болгон жерди карасак, анда баардыгы депутаттык мандат тынч экендигин түшүнөт.

Бирок мен кыйынчылыктардан коркпойм. Бардыгын тереңинен өзгөртүп жиберем деп айтууга болбойт. Бирок менин умтулуум бар, тажрыйбам жана ишенимди актоого каалоо бар. Балким мунун баары мени алдыга жылдырат», – деп кошумчалады Д.Ниязалиева.

КСДП фракциясы учурда социалдык блок боюнча вице-премьер-министр катары эмгектенип жатканЭльвира Сариеваны билим берүү жана илим министри кызматына сунуштоодо. Президент Алмазбек Атамбаевдин 12-декабрдагы жарлыгына ылайык мурунку билим берүү жана илим министри Канат Садыков ээлеген кызматынан бошотулган.