Лейлек

Көйгөйлөр азырынча көп…

Тажикстан менен Кыргызстандын чектешкен жери –Лейлек районунда Максат деген айыл бар. 1994-жылы  Тажикстан менен болгон чек араны бекемдөө максатында максатыбыз ишке ашсын деп, дал ушул биз сөз кылып жаткан айылга 60 кожолук жайгаштырылып, атын «Максат» деп койушкан. Ошол кездеги 60 түтүндүн саны бүгүн 138 ге чыгып, 1000 ашык жарандар жашашат. Андан бери 20 жылдан ашык өтсө дагы чек арада турган Максат айылынын социалдык көйгөйлөрү толук чечиле элек. Алардын бири чек арадагы айылга 11 жылдык орто мектеп куруу. Бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн 235 балага эсептелген 2 кабаттуу мектептин курулушу башталган. Айыл башчысы Сапарали Адинаевдин маалыматарына таянсак 2015-жылдын жаңы  окуу жылына 11 жылдык мектеп ишке берилет.

Тарыхка кайрылсак

Адегенде Максат айылынын тарыхына көз салсак, аталган кыштак 1994-жылы айыл макамына ээ болгон. Түштүгүнөн Тажикстандын Овчу-Калача айылы менен чектешкендиктен, тажик коңшуларыбыз бул аймакты жайыт катары пайдаланып жүргөн. Качан гана чек араны бекемдөө зарылчылыгы курчуганда Аскар Акаев аталган кыштакка Кыргызстандын жарандарын жайгаштыруу максатында өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырма берип, жыйынтыгында 60 үй курулган. Ага жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган, жашоо шарты оор Лейлектин тургундары отурукташкан. Ошондон баштап Максат айылын түптөө иштери башталып, жер тилкелери бөлүштүрүлгөн. Бирок муну менен эле чек ара бекемделип калган эмес. Жыйынтыгында чекте шаймакта жашаган эки мамлекеттин жарандарынын ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, айрым учурда ок чыгарганга чейин барган күндөр кездешкен.

Максатта 138 кожолук жашайт

Бүгүнкү күндө Максат айылында 138 кожолук бар. Мындан тышкары, 1000 кожолук үчүн жаштарга жер тилкелери бөлүнүп берилген. Ошондой эле айыл тургундарын 11 жылдык орто билим менен камсыз кылуу үчүн 235 окуучуга эсептелген эки кабаттуу мектептин курулушу башталган. Жергиликтүү тургун Мавжида Надированын айтымында «2011-жылга чейин жогорку класста билим алган окуучулар Интернационал айылында окуп келишкен. Себеби, баштапкы жылдары Максат орто мектеби 1-4-класска чейин гана билим берген». Азыркы тапта 2 кабат мектептин чатыры жабылып, ичин оңдоо иштери башталган. Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаевдин айтымында «жаңы мектеп 2015-жылдын жаңы окуу жылынан тарта ишке киришет».

Айылдыктар ссуда сурашат

Максат айылында жашап жатканыма 18 жыл болду дейт айыл башчысы Сапаралы Адинаев. Ошондон тарта айылдын күнүмдүк турмушуна активдуу катышып келем. Биздин айылдын негизги көйгөйү чек ара маселеси. Себеби, коңушу жайгашкан Кулунду, Интернационал айылдарына ал тургай райборборубуз Исфанага бару үчүн да Тажикстан аркылуу өтүүгө тура келет.Эгер өзүбүздүн жерибиз аркылуу баралы десең, анда Байзак жайыты аркылуу айланып өтүүгө мажбур болосуң. Бул жол да адыр-дөңсөлөр менен коштолгондуктан 2 саатка жакын убакыты ң жолго кетет. Экинчиден суу тартыш. Жумуш жок. Ошондон улам жаштарыбыздын көпчүлүгү көчүп келгенге чамдана элек. Андыктан башчыларыбыз ушул маселелерди чечүгө көмөк көрсөтүп, айыл тургундары үчөөн узак мөөнөттүү ссуда берүүнүн жолун таап берсе, анда Максатка отурукташкандардын саны дагы арбымак. Анткени бул жер малга да, дыйканчылыкка да абдан ыңгайлуу.

Айыл башчы Сапарали Адинаевдин кошумчалаганына караганда «бир жылдан бери Максат айылына карата көңүл буру жандана түшкөн. Кулунду айыл өкмөтү жана Эл аралык уюмдар тарабынан ФАП курулган. Суу менен камсыз кылуу максатында тереңдиги 1 метр, узундугу 8,5 чакырымга созулган траншея казылган».

Максат ФАПында иштеген Бурул Кудайбердиеванын айтымында Максаттыктардын дагы бир негизги көйгөйү – байланыш операторунун начар иштегендигинде. Анын айтымында «байланыш опертору жакшы иштебейт. Кокус абалы оор айыл тургуну келип калса, аймактык оорукана менен байланышуу кыйынга турат. Андыктан бул маселени тиешелүү мекемелер чечип берсе жакшы болмок».

Максат айылынын тургундары кыйынчылыктарга карабастан, чек араны бекемдөө аракетинде. Бул үчүн кооптуу учурлар жаралган кезде, айылдын эр жигиттери чек арачылар менен биргеликте күзөттө турушат. Азыркы тапта айыл тургундарынын эңсеп күткөнү «Достук» көпүрөсүнөн пайдаланууга берилиши. Анткени кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн убактылуу келишимине ылайык курулуп жаткан «Достук» көпүрөсү пайдаланууга берилсе, Тажикстан аркылуу өтүү токтойт. Натыйжада айыл тургундары үчүн бир топ жеңилдик болот.

Белгилей кетсек, «Достук» көпүрөсү Максат айылынын батыш тарабында жайгашкан. Тактала элек 75 гектар жерге курулуп жатат. Анын 75% ын Кыргызстан, 25%ын Тажикстан тарап каржылоодо.

Темирбек Матаев, Кулунду айылы