Коомдук телерадиокорпорацясынын Байкоочу кеңеши 30-октябрда жыйын өткөрүп, анда КТРКнын башкы директору кызматына талапкерлердин өтүнмө арыздарын карайт. Бул тууралуу АКИpress агентигине Кеңештен билдиришти.

Мурдараак КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Илим Карыпбеков билдиргендей, башкы директорду шайлоо 4 этап менен өтөт: арыздарды кабыл алуу, документтер боюнча тандоо, маектешүү жана программа көрсөтүп, добуш берүү.

Тандоонун биринчи этабы – арыздарды кабыл алуу 20-октябрда аяктады.

Карыпбековдун маалыматында, арыздар 10 талапкерден түштү, алардын экөөсү Жогорку Кеңеште иштейт. Дагы алтоосу, алдын ала маалыматтар боюнча, КТРКнын өзүндө иштейт.

Анда, арыздар Назира Раимкуловадан, Абдыкадыр Султанбаевден, Сталбек Дүшалиевден, Космос Чыдыновдон, Үсөн Көлбаев, Шадыкан Жакыпова, Болот Тилебаев, Жээналы Камбаралиев, Султан Жумагуловдон жана Назаркул Жоошбаевден түштү.

КТРКБулак : Баракелде