КРнын Улуттук банкы КР аймагында бүгүн, 20-октябрдан тартып кыргыздын улуу төкмө акыны, композитор жана комузчу Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына жана кыргыздын чыгаан классик акыны, драматург жана котормочу Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата 100 сом жана 200 сом номиналындагы КР улуттук валютасынын эстелик банкноталарын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу КРУБдун басма сөз кызматы билдирди.

Эстелик банкноттун сүрөттөлүштөрү:

Суу белгисинин актай тилкесине көгүлтүр түстө “Токтогулга 150 жыл” жазуу чагылдырылган улуттук оюу-чийменин алкагында Токтогул Сатылгановдун алтын түстө элеси түшүрүлгөн. Жазуулар, оюу-чийме жана акындын элеси офсеттик басма ыкмасында аткарылган. Банкноттун бети атайы Securicoat™ лак менен капталган. Ал эми көмүскө сүрөттөлүш түстүү Dynamic© ыкмасында түшүрүлгөн. Банкноттун сериялык номери ТС 150 (Токтогул Сатылгановго – 150 жыл) жана кийинки сериялык номерлерден (0001 ден 3000 чейин) башталат. Эстелик банкнот 3000 даанада чыгарылат.

Суу белгисинин актай тилкесине “Алыкул Осмоновго 100 жыл” деген жазуу, акындын калем сабынын сүрөттөлүшү көгүлтүр көл толкунун чагылдырган оюу-чиймелер менен берилген. Эстелик жазуулар, оюу-чийимдер жана түшүрүлгөн сүрөттөлүш интаглио басма ыкмасы менен берилген. Банкноттун сериялык номери АО (Алыкул Осмонов) деген жазуу жана кийинки сериялык номерлерден (0001 ден 3000 чейин) башталат. Эстелик банкнот 3000 даанада чыгарылат.

 

Эстелик банкноттор КРнын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Ар бир монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана ага сертификат тиркелип өзүнчө кутучага салынып коюлган.

 

image001

image002