Нышанов С_ К_1

Азыр Бажы биримдиги, логистикалык борбор, эт өнүмдөрүн сыртка чыгаруудагы заманбап лабораториялар, экологиялык таза азык-түлүктөр деген сөздөр байма-бай айтылууда. Айыл чарбасына жүргүзүлгөн реформадан кийин, баарын заматта оңдоо мүмкүн эмес. Негизи, аталган тармакта акырындык менен жылыштар бар экендигин белгилейт Жогорку Кеңештин агрардык саясатын тейлеген депутатыбыз Сайдулла Нышанов. Эл өкүлү менен мына ушулар туурасында  учкай кеп курдук.

– Сайдулла Канболотович, жакында Жогорку Кеңештин делегациясы менен жапон жергесине барып келгенден кийин, уяң жүндүү койлорду кайрадан жандандыруу керектигин айтып жатасыз…

– Жапон эли экологиялык таза азыктарды баалашат. Ал жакта көзгө жылуу учураган кыргыздын кийизден жасалган улуттук буюмдарынын сатылып жатканына күбө болдук. Жапондор алардын табигый нукуралыгына, мыкты сапатына абдан кызыгышат экен. Негизи эле ал жакта уяң жүндөн жасалган буюмдарга, кийим-кечелерге баасынын кымбаттыгына карабай, суроо-талап күч.

Кыргызстан дүйнөдөгү экологиялык таза азыктар менен нукура буюмдарды өндүргөн өлкөлөрдүн катарына кирсе болот. Себеби, биздин жаратылыш, табиятыбыз кандай кооз болсо, бизде өндүрүлгөн жер-жемиштер менен эт-сүт, дегеле тамак-ашыбыз салыштырмалуу сапаттуу жана даамдуу.

Кыргызстанда акыркы 23-24 жылда кой жүнүнүн сапаты начарлап кеткендиктен, ал иштетилсе иштетилет, болбосо жок. Койдун куйругуна, этине, семиздигине кызыгып, жүнүнө маани берилбей, породасы бузулуп кеткен. Жүнүнүн өтүмдүүлүгү жоголгон. Этине кызыгып жегенибиз менен, куйругу менен майында холестерин көп болоору белгилүү. Мисалы, Союз мезгилинде колхоз-совхоздордо ак жүндүү койлорубуз болгон. Жапония өлкөсү бизден мына ошол койлордун жүнүн талап кылууда. Учурда Жогорку Кеңештин комитетинде ак уяң жүндүү койлорду жандандыруу маселелери көтөрүлүп жатат. Себеби, жүн тармагын өнүктүрүү менен чоң кирешелүү болобуз. Селекциялык жол менен жасалма уруктандырып, породалуу койлорду жандандырсак болот. Анын баарына канча каражат талап кылынарын иликтеп жатабыз. Муну Өкмөт колго алса, келечекте биз экологиялык таза жана сапаттуу продукцияларыбыз менен гана дүйнөлүк рыноктон өз ордубузду таба алабыз. Негизи эле жапондор биздин бардык эле продукцияларга – балыбыздан баштап, фасолго чейин кызыгып жатышат. Мисалы, кечээ жакында Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Нарындын балы Жапонияга сатыла тургандыгы жөнүндө кабар берди. Бул – агрардык секторго жардам бере турган жакшы жышаана.

– Бажы биримдигине киргенде айыл чарба тармагындагы дыйкан-фермерлерге утуш болот экен, ал эми айлык менен гана жашагандарга кандай болот?

– Ачыгын айтышыбыз керек. Айлык менен олтургандарга алгачкы мезгилде бир топ эле оор болот. Азык-түлүктөргө баалар көтөрүлөт. Эрте жаздан баштап, кеч күзгө чейин мээнетин төгүп иштеген дыйкандардын акыбети кайтпай, өндүргөн продукциясын болбогон акчага карматып келишти. Сатып-өткөрүү жагынан бир топ кыйынчылыктарды тартышууда. Бажы биримдигине киргенде айыл чарбасында бешене терин төгүп, жер иштеткен баба дыйкандардын мээнети кайтып, алардын эсебинен бюджетибиз көтөрүлсө, айлык акылар да жогорулайт. Биз бир нерсени моюнга алышыбыз керек, жашоодо бардык жагынан жагымдуу шартты түзүп берүү өтө оор.

– Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүгүбүз кандай?

– Экологиялык таза жер-жемиштерди өнүктүрүүнүн үстүндө зор иштерди жасап жаткан Искендербек Айдаралиевдин жакында өткөн эл аралык Форумдун алкагындагы көргөзмө-жарманкесине барып катыштык. Анда куруттан тартып, балга чейинки республикабыздын жер-жерлеринен келген экологиялык таза айыл чарба продукциялары коюлуптур. Дүйнөлүк базарда мындай азык-түлүктөргө карата суроо-талап күч. Искендербек мырзанын жасап жаткан иштеринин келечеги кең. Келерки жылы парламенттин, Өкмөттүн колдоосу менен бул иш-чараны кенен өңүттө өткөрүп, органикалык таза продукцияларды талап кылган өлкөлөрдөн делегаттарды чакырсак деген ниетибиз бар.

Жапония, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөр бизге өзгөчө органикалык таза продукцияларды өндүрүүдөгү кеткен чыгымдарды каржылап бергенге ниети бар экендиги тууралуу пикирлер айтылууда. Мисалы, органикалык пахтанын баасы жөнөкөй пахтага караганда, 2-3 эсе кымбат. Ага минералдык эмес, табигый жер семирткичтер берилет. Аны күн мурунтан буюртма кылып, баасын чечип, кеткен чыгымдарын долбоордун негизинде каржылашат. Айыл чарба тармагында дыйкандардын оюна туура келе турган иштер жасала баштады. Бажы биримдиги болобу, органикалык айыл чарба тармагы болобу, негизинен, биз ордубуздан акырындык менен жыла баштадык.

– Бажы биримдигине киргени калдык. Бирок, бизде талапка ылайык келген лабораторияларыбыз качан курулат?

– Туура айтасыз. Биздин даамдуу, таза эт-сүтүбүз болгону менен, аны сыртка чыгарууда бир нерседен аксап келебиз. Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр тааный турган, тастыктама, сертификат берүүчү талапка жооп берген лабораторияларыбыз жок. Иран, Араб өлкөлөрү биздин этти тирүүлөй алып кеткенге даяр турушат. Эгерде өзүбүздө чакан болсо да, эт комбинаттарын куруп алсак, нормадагы этти өзүбүз союп, даярдап жөнөтсөк. Жумуш орундары да түзүлмөк. Казакстан тараптан алардын лабораторияларынан өткөрүп, чет өлкөлөргө чыгарсак деген сунуштар болуп жатат. Бирок, биздин өзүбүздө болгону жакшы. Себеби, ал жактан өткөргөндө, бизден ашыкча чыгым талап кылынат.

Заманбап лабораторияларды куруунун бир эле маселеси бар. Бул – акча каражаты. Учурда Өкмөт мунун үстүндө чоң иштерди жасап жатат. Корея мамлекети 40 миллион доллардай инвестиция берсе, түндүк менен түштүк тарапка бирден логистикалык лабораториялар курулат. Орусия тараптан да жардамдар болот. Акча каражаты чечилип калса эле, курулуш иштери 3-4 айдын ичинде бүтүп калат.

Бактыгүл КУЛАТАЕВА