Чүй

Өкмөттүн социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева дайындалгандан баштап көйгөйлүү маселелерди жеринен таанып келет. Буга чейин Нарын, Ысык-Көл облусун кыдырып чыкса, 11-февралда Чүй облусунун Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондорун кыдырып, жардамга муктаж мектеп, бала бакча, музей жана балдар үйлөрүн көрүп чыкты.

Алыкул Осмонов музейи оңдолуп, амфитеатр курулат

Вице-премьер-министрди коштой эртең менен Панфилов районундагы Алыкул Осмоновдун туулган айылы Каптал-Арыкка бардык. Жол жээгине жакын жайгашкан А.Осмоновдун бир кабаттуу, айнектен жасалган музейи 25 жыл мурда салынып, эскилиги жеткен. Акындын быйыл белгилене турган 100 жылдыгына карата 2,90 га жерге амфитеатр, конференц-зал курулуп, музейи кайрадан реконструкциядан өтөт. Тулку боюндай эстелиги эчак тургузулган. Бирок, эстелик бардык курулуш иштери аяктаганда – сентябрда ачылат. Музейди жаңыртуу үчүн 2 млн. 300 миң сом керектелет. Ал эми комплекстүү иштин жүрүшү үчүн Өкмөт 33 млн. сом бөлмөкчү. Вице-премьер-министр А.Осмоновдун 100 жылдыгын өткөрүү боюнча жумушчу топ апрель айынын башында марафон өткөрөрүн да билдирди. Акындын 100 жылдыгын өткөрүү үчүн менчик ишканалар да кол сунуп, өз жардамдарын бере башташкан. Алсак, Канттагы цемент завод 50 тонна цемент берген. Музейдин ичинде А.Осмонов тууралуу макала, сүрөт, китептерден сырткары, акын жаткан темир керебет, жууркан-төшөк, ал кийген көк түстөгү пальто, идиш-аяк, шкаф, жубайы Зейнептин жоолугу бар. Музейдин сыртындагы дубал бооруна чоң тамгалар менен акындын төмөндөгү ыры жазылган:

Билсин бизди, жаш муундар мактасын,

Эскиртпесин, эстерине  сактасын.

Алдыбызда өмүр турат түгөнгүс,

Артыбызда өлбөй турган эл  калсын.

Ушул тапта Алыкул минген “Волга” машинасын да музейге алуу планы бар. Маараке жылына карата А.Осмоновдун Чолпон-Атада жашаган үйүнүн жанына да эстеликти тургузуу каралган.

Ооруканада

Дамира айым андан соң Панфилов райондук ооруканага келди. Жалпы врачтык практика борборунун директору Эльза Эралиева борбордун иши менен тааныштырды. Д.Ниязалиева ооруканага киргенде эле ымыркайлардын абалын тактады. Тилекке каршы, бул райондо былтыр 4 ымыркай чарчаган. Эне өлүмү катталган эмес. Борбордогу төрөт бөлүмү, гинекология, терапевт, рентген бөлүмдөрүн кыдырып, жаңы көз жарган энелердин, бейтаптардын ал-акыбалынан кабар алган Д.Ниязалиева бардыгына бирдей шейшеп берилбей жатканын байкады. Андан соң, борбордун директорунан көйгөйлөрдү укту. Ал жерде кургак учук менен ооругандар көп, бир жылда 45 адам катталган. Өзгөчө түштүк аймактан көчүп келгендер бул дартка чалдыгышкан. Ооруканага лифт орнотуу керек жана имарат да оңдоп-түзөөгө муктаж. Борбордун директорунун айтымында, жылына 1,5 млн. сомго дары-дармек сатып алышат, анын 900 миң сому бюджеттен, калганы өздөрүнүн эсебинен.

Майып, жетим балдар үйүндөгү керемет аял

Вице-премьер-министр Москва районунун Мураке айылында жайгашкан “Манас” мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын социалдык айылына келдик. Бизди азиз, бирок, көкүрөгү көрөгөч Гүлбарчын Такырбашева аттуу айым тосуп алды. Анын жасаган иштерине тан бердик. Кыргызстанда психологиялык же физикалык жактан майып төрөлгөн балдар багылчу интернаттары бар, бирок, алар 18 жашка чейин гана ал жерде кармалат. Андан кийин аларды ким бооруна кысат? 15-20 жыл мурда Германиянын жараны Карл-Мария Шелике айым тарабынан “Үмүт-Надежда” балдар реабилитациялык борбору түзүлүп, кичинекей майып балдар камкордукка алынган. Жылдар өтүп, балдар чоңойгондон кийин аларды жумушка алуу, багуу көйгөйү жаралган. Карл-Мария Шеликенин кеңеши жана каржылык колдоосу менен Гүлбарчын эже социалдык айылды курууну баштаган. 2009-2010-жылдары биринчи үй курулса, 2011-2013-жылдары экинчи үй устаканасы менен курулуп бүткөн. Азыр айылда 18 жаштан өткөн 18 улан-кыз жашайт. Анын бешөө коляскада. Үч баладан башкасынын баары тоголок жетимдер. Алардын көбү Беловодскидеги мүмкүнчүлүгү чектелген жетим балдар үйүнөн келишкен. Гүлбарчын Такырбашева жетектеген чакан социалдык айылда эки үйдөн сырткары күнөскана, мал сарай курулуп бүткөн. Аларда 9 саан уй бар. Ал жерде иштеген жалаң аялдар менен жаш кыздарды көрүп, эркектердин колунан келбеген иштерди жасап жаткандарына таң калдык. Майып балдар кийизден төшөнчү, куурчак, эски кийимдерден таар жасашат. Алар жасаган товарлар жакында Германияда сатылып, 6 миң евро топтолгон. Кызыгы, тарбиячылардын ичинде Германиядан келген 2 кыз бар. Алар коляскада отурган балдарды карашат. Көрсө, Германияда социалдык кызматкер болууну каалаган студент адегенде 2 жылдык тажрыйба топтоп келиши керек экен. Ошол максат менен алар Кыргызстанга келишкен. Гүлбарчын эже курулуш иштерин жүргүзүү, мал багуу, жашылчаларды өстүрүү, балдарды багуу, кийинтүү, ысык-муздак суу менен камсыздоо, электр жарыгын киргизүү үчүн подстанция орнотуу, мончо, жол салуу, дары-дармектерди алуу, деги айтып бүткүс толтура иштердин баарын ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк уюмдарга долбоор жазып, грант алып келет. Мамлекеттен бир тыйын албайт. Келечекте балдардын санын 60ка жеткирип, аларды багып, дарылап, көп курулуш куруп, бак өстүрүп, малды көбөйтүп, балдарды иштетүү менен өндүрүштүк ишканаларды, мисалы тигүү, йогурт, сыр чыгаруу цехтерин ачып, социалдык айылдын ишин илгерилетүү ниети бар. Көзү көрбөсө да, көкүрөгү көптү көргөн бул айымга Дамира Ниязалиева ыраазычылыгын билдирип, андан көп нерселерди үйрөнүү керектигин айтып, жылуу коштошту.

Эскилиги жеткен мектеп

Мураке айылында жайгашкан мектеп 1933-жылы курулган. Авариялык абалда тургандыктан, бир жылдары окутуу токтотулуп, тажиктер батир кылып жашаган учурлар да болгон. Башка мектеп жок болгондуктан, аларды чыгарып, актап, сырдап кайра мектеп кылып алышкан. Мамлекет тарабынан 150 орундуу мектептин курулушу башталган. Мектепти жыйындар  залы, спорт залы жана устаканасы менен курууга 48 млн. сом талап кылынат. Алгачкы 5 млн. сом берилип, эски мектептин жанына пайдубал үчүн жер казылууда. Мектепте 20 жылдан бери директор болуп иштеген Арзыкан Дунганова каражат толук берилсе, сентябрь айына чейин жаңы мектеп ишке берилип каларын айтат. Дамира Ниязалиева мектептин курулушун көзөмөлгө алаарын, айтылган убакытта мектептин салынышына бардык аракеттер жумшалуусу керектигин айтты. Ушул эле күнү Вице-премьер-министр Сокулук районуна келип, Асыл-Баш айылындагы мектептин курулушунан кабар алып, Сокулук районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жана балдардын реабилитациялык борборунун жана Военно-Антоновка айылындагы мектептин иши менен таанышып чыгып, кечинде Бишкекке кайтып келди.

Сымбат МАКСУТОВА