2-пресса1

Лейлек районунун Айкөл чек ара тозотундагы күтүлбөгөн каргашалуу  окуядан кийин, тозоттун командири көз жумду. Бир жоокер жаракат алып, командирдин орун басарына да ок жаңылды.  Учурда жарат алгандар дарыланышууда. Канткен менен башкаларды ойго салган чек ара кызматындагы мындай жагымсыз окуядан кийин Айкөл чек ара тозотундагы бардык командирлер алмашылды.   Бул жөнүндө КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дуйшенбиев билдирди.

Учурда бул окуя боюнча аскердик прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Маалыматтарга таянсак, кылмышка шектелген кадамжайлык 19 жаштагы өспүрүм  аскерге жараксыз болгон. Бирок, ошого карабастан дарыгерлер менен сүйлөшүп, чек ара тозотуна кызмат өтөөгө барган. Ата мекенди коргобой эле, кайра ата мекенди коргоп жаткандарга каршы атайылап ок чыгарган жаран азыр тергөөдө көрсөтмөсүн берүүдө.

Раимберди Дуйшенбиев учурдагы кырдаалга дагы токтолду. Тажикстан менен Оганстанга чектеш аймакта Талибандардын чогулуп тургандыгы  жөнүндө маалыматтар бар экендигин айтты. Биз кандай гана кырдаал болбосун,  баарына даяр болушубуз керек. Аскердик күчтөр жетиштүү. Күжүрмөн даярдыктар жакшы»,-деди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүндө өткөн бул жыйынга облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, анын биринчи орун басары Бакир Жолчиев жана облус  аймагындагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери  катышты.

Жыйындын соңунда чек арадагы тынчтыкты жана  чек араны бекемдөөгө багытталган бир катар сунуштар айтылды.

Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу