БАКС

(Уландысы, башы өткөн сандарда)

ТЫШКЫ САЯСАТ

Акыркы жылдары тышкы саясаттын жаңы түшүнүгү калыптана баштады. Ушул мезгилде Кыргызстандын эл аралык бедели бир топ бекемделди.

2012-2013-жылдары Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңеши (ТТМКК), ЖККУ жана ШКУ сыяктуу региондук жана эл аралык уюмдарга төрагалык кылды.

Ошентип, Бишкек шаарында мамлекет башчыларынын 3 жыйыны уюштурулду:

– ТТМККнын 2-саммити (2012-жылдын августу);

– ЖККУнун формалдуу эмес саммити (2013-жылдын майы);

– ШКУнун кезектеги саммити (2013-жылдын сентябры).

2012-жылдын 8-ноябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын көпчүлүк добуш менен (164 мүчө мамлекет) Кыргыз Республикасы 2013-2015-жылдар мезгилине БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин (ЭКОСОК) мүчөсү болуп шайланды. БУУга 20 жылдан бери мүчө болгон Кыргыз Республикасы биринчи жолу ЭКОСОКтун мүчөсү болуп калды, бул уюм эл аралык экономикалык жана социалдык проблемаларды талкуулоо жана тиешелүү сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн БУУнун негизги органдарынын бири катары БУУнун уставына ылайык уюштурулган.

2014-жылдын 8-14-сентябрында Чолпон-Ата шаарында Биринчи көчмөндөр оюндары өткөрүлдү. Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча Кыргызстандын демилгесин Азербайжандын, Казакстандын жана Түркиянын президенттери 2012-жылы Бишкекте ТТМККнын саммитинде колдоого алган.

Тышкы өнөктөштөр менен иш сапарларды жана сүйлөшүүлөрдү уюштурганда, мындай кызматташтыктан Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен конкреттүү практикалык натыйжаларга жетишүүгө негизги басым коюлууда.

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамында Антикоррупциялык кызматты түзүү Президент Алмазбек Атамбаевдин биринчи чечимдеринин бири болуп калды. Бул жөнүндө Жарлыкка 2011-жылдын 14-декабрында кол коюлган.

Антикоррупциялык кызматтын милдеттери – саясий жана жогорку административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын, укук коргоо, сот органдарында, башка мамлекеттик жана муниципалдык органдарда иштеген адамдардын, иши мамлекеттик бюджеттен каржыланган же уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилеринин ишиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо, бөгөт коюу, аныктоо, ошондой эле мыйзамда белгиленген учурларда териштирүү.

2013-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү жана бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” маселе каралды. Анын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешине караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү жаатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо боюнча жумушчу топ түзүлдү.

2014-жылдын ноябрынын башына карата жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгы менен бирдикте 9 мамлекеттик органдагы коррупциялык коркунучтар толугу менен каралды.

Өткөн жылдары коррупцияга каршы күрөштө белгилүү бир жыйынтыктар болду, муну конкреттүү цифралар жана фактылар далилдеп турат.

2012, 2013-жылдары жана 2014-жылдын 9 айында козголгон кылмыш иштеринин жалпы санынын алкагында укук коргоо жана атайын органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин мурдагы жана азыркы депутаттарына карата 17 кылмыш иши, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине жана алардын орун басарларына карата 20 кылмыш иши, республиканын райондук жана облустук судьяларына карата 31 кылмыш иши, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына карата 340тан ашык кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары, 2014-жылы КР КЖКнын 303-беренесинде – “Коррупция” – каралган кылмыштын белгилери боюнча 10дон ашык кылмыш иши козголгон.

ТАЗА ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК

Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өзгөртүү тууралуу Президенттин демилгеси коомдо кеңири колдоого алынып, жарандарда таза шайлоого болгон үмүтүн жандандырып, саясий күчтөр ыплас технологияларды колдонбостон жана шайлоонун жыйынтыгын бурмалабастан эле таза атаандаштык күрөш аркылуу бийликке келсе болот  экен деген ишенимди жаратты.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш өзүнүн жыйындарында бир нече жолу караган маанилүү маселелердин бири  – таза жана ачык-айкын шайлоолорду камсыз кылуу маселеси. Алсак, Улуттук кеңеш шайлоо системасын реформалоонун төмөнкү негизги учурларын аныктады:

1) инновациялык технологиялар колдонулган шайлоо процессинин моделин бекитти;

2) биометрикалык маалыматтарды жыйноо жөнүндө идеяны жана тиешелүү мыйзамдын долбоорун жактырды;

3) шайлоо системасын оптималдаштырууга багытталган мыйзам долбоорлорунун пакетин жактырды.

“Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Мыйзам долбоору бүгүнкү күндө кабыл алынды. Демек, жарандардын биометрикалык маалыматтарын жыйноо боюнча мамлекеттик өнөктүктү баштоо үчүн база түзүлдү. Кабыл алынган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын ар бир жараны биометрикалык каттоодон өтүүгө тийиш.

Азыркы учурда биометрикалык маалыматтарды берүү процесси жүрүүдө. 2015-жылдагы шайлоого биометрикалык каттоодон өткөн жана ал аркылуу шайлоо күнү идентификацияланган шайлоочуларды гана катыштырып өткөрүү тууралуу саясий чечим кабыл алынды.

Ошондой эле Өкмөт менен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын ортосунда шайлоочулардын тизмесин жарандардын биометрикалык маалыматтарынын базасында түзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Мындан тышкары Улуттук кеңештин тапшырмасы боюнча Өкмөт Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга Кеңеш бекиткен Шайлоо процессинин моделин ишке киргизүүдө ар тараптан көмөк көрсөтөт. Бул шайлоо процессинин моделинде инновациялык технологиялар, анын ичинде добуштарды автоматтык эсептөө боюнча технология каралган.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ҮЙРӨНҮҮ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ

Тил маселеси 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында, ошондой эле Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясында артыкчылыктуу багыт катары аныкталган.

Бул стратегиялык документтерди, ошондой эле Мамлекет башчысынын “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2014-2020-жылдарга Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын долбоору иштелип чыккан. Улуттук программа Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш тарабынан жактырылган жана Президенттин 2014-жылдын 2-июнундагы Жарлыгы менен бекитилген.

2014-жылдын башынан бери мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө арналган чараларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин каржылоонун көлөмү эки эсе көбөйдү.

Билим берүү жана илим министрлигине мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тестирлөөнүн “Кыргызтест” системасын иштеп чыгууга жана киргизүүгө багытталган иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу үчүн 2013-жылы 2,5 млн. сом жана 2014-жылы 4,5 млн. сом өлчөмүндө каражаттар бөлүнүп берилген.

2013-жылы Бишкек, Ош шаарларындагы 5 жогорку окуу жайдын базасында волонтерлорду тартуу менен жогорку курактагылар үчүн мамлекеттик тилди окутуу боюнча акысыз курстар уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин курамында өзүнчө чарбалык түзүм катары китеп басып чыгарууну жана китепти жайылтуу системасын өнүктүрүү боюнча “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасы түзүлдү.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында Президенттик билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча комиссияга караштуу Билим берүү фондунан төмөнкүлөр бөлүндү:

– 5 000 000 (беш миллион) сом Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине – мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн методикасын өркүндөтүү боюнча милдеттерди ишке ашырууга алгачкы чара катары;

– 3 000 000 (үч миллион) сом Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине – “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасын түзүү үчүн;

– 2 000 000 (эки миллион) сом Тарыхый жана маданий мурастардын “Мурас” фондуна – артыкчылыктуу түрдө мамлекеттик тилде тарых илимин өнүктүрүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн.

2015-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн 243 млн. сом каралган.

ЭЛДИН БИРИМДИГИН САКТОО

Этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин бекемдөө 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын башкы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет.

2010-жылдын июнундагы окуялар боюнча көптөгөн изилдөөлөрдү жана отчетторду талдоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, бул окуялар этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү реалдуу кырдаалды көрмөксөнгө салуунун көп жылдык практикасынын кесепетинен пайда болгон. Ошондуктан мындай окуяларды келечекте болтурбоо жана анын кесепеттерин жоюу үчүн чаралар системалуу жана туруктуу мүнөзгө ээ болушу керек.

Мындай саясатты калыптандыруу үчүн 2013-жылы Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясы бекитилди. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жана бийликтин бардык деңгээлиндеги жоопкерчилигинин системасын түзүүнү кошкондо, этностор аралык мамилелерди жөнгө салуунун саясий-укуктук негиздерин өркүндөтүү, тил саясатынын натыйжалуулугун көтөрүү, жалпы жарандык бирдейликти калыптандыруу анын негизги артыкчылыктуу багыттары болуп эсептелет.

Концепциянын иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу үчүн Өкмөт 4 жылга 204 млн. сом бөлүп берген.

Концепцияны колдоо үчүн БУУнун Тынчтыкты жаратуу фонду Кыргызстанда тынчтыкты жаратуу жаатындагы долбоорлорду жакынкы үч жылдыкта ишке ашырууга 15,1 млн. АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн 2013-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөн.

Кыргызстан калкынын ассамблеясын реформалоо процесси жана 2014-жылдын 1-январынан баштап Ассамблеяны каржылоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өткөрүп берүү аркылуу анын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу демилгеси көтөрүлдү.