Коомдук жана саясый ишмер Акылбек Атабаев 20 килограммдан ашык баңгизат менен колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Акылбек Атабаев.

Акылбек Атабаев.

 “Аалам кыргыздары” эл аралык журналынын жана “Чыйыр” гезитинин редактору Акылбек Атабаевге баңгизатты мыйзамсыз ташуу жана сатуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Милициянын маалыматында буга чейин коомдук, саясый иштерге жигердүү аралашып жүргөн Атабаев көп жылдан бери баңгизат бизнеси менен шугулданган топту жетектеп келген. ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов Атабаев күнөөсүн мойнуна алганын айтууда.

– Биздин кызматкерлер Атабаевдин изине бир жылдан ашык түшүштү. Акыры 10 кг 400 грамм героин, 2 килограммдан ашык опийим жана 10 килограммдан ашык ооган маңзаты менен колго түшүрүлдү. Ал окуя болгон жерде табылган баңгизаттар ага таандык экенин моюндаган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иши уланууда. Атабаев убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

20 килограммдык “чалма”

​Милициянын маалыматына таянсак, коомдук ишмер Акылбек Атабаев Тажикстандын баңгизатын Кыргызстандын

Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

түштүгүнө, андар ары Орусияга пулдаган топтун башчысы болгон. Алар маңзат соодасы менен шугулданган цыган, тажик топтору менен да тыгыз кызматташып келишкен. ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгы колго түшүрүлгөн маңзаттардын Кыргызстандагы болжолдуу баасы 120 миң, Орусияда 500 миң доллар экенин айтууда.

Деген менен Акылбек Атабаев жана анын жакындары милициянын бул маалыматын жалган жалаа деп четке кагууда. Атабаевдин жактоочусу Динара Медетова бул фактыны мындайча төгүндөдү.

– Атабаевдин айтымында мындай факт болгон эмес. Анын адвокаты катары бул маалыматтын жалган экенин мен да тастыктайм. Бул атайын уюштурулган “подстава”, эч кандай факт жок. Ал сурак учурунда мойнуна алган эмес. Жанында адвокат катары мен да бар болчумун.

Баңгизат соодасына шектелип жаткан Атабаев коомдук ишмердүүлүктөн сырткары саясый иштерге да активдүү аралашып келген. “Элдик курултай” уюмунунун мүчөсү Кубанычбек Дүйшеев анын кармалышын саясатка байлады.

– Мен анын баңгизат сатканына ишенбейм. Акылбек саясый системаны алмаштырууну максат кылган “Элдик курултайдын” төрага жардамчысы болчу. Азыркы бийлик Бакиевдин заманындагыдай кейип кийип баратат. Биз анын кармалышын саясый куугунтук катары баалайбыз. Болбосо өзү үй-бүлөсү менен ажырашып араң жүргөн адам кайдан наркотик сатсын?

“Баңгизатты бир гана кылмыштуу топтор сатпайт”

Атайын кызматтын генералы, “Антитеррор” бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков акыркы убактарда маңзат соодасы менен бир гана уюшкан кылмыштуу топтор эмес, галстук тагынган ишмерлер да шугулданып жатканын кыйытты.

– Соңку мезгилдерде баңгизат бизнеси менен бир гана кылмыштуу топтор эмес, күч органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана аткаминерлердин жакындары шугулданып келет. Буга саясый, социалдык жана эконоикалык көйгөйлөр себеп. Бирок тиешелүү органдар алардын таасиринен коркуп көз жумуп келишет. Тилекке каршы баңгизат саткандардын ашып кетсе, 15-20 пайызы гана колго түшөт.

48 жаштагы мургабдык Акылбек Атабаев 2010-жылы Курманбек Бакиевдин квотасы менен Элдик курултайга делегат болуп шайланган. Ошол жылдары “Акыйкат”, “Ак Жол” саясый партияларына мүчө болгон. 2012-жылы КТРКнын байкоочу кеңешинде иштеген. Этникалык кыргыздарга колдоо көрсөткөн “Манас ата” коомдук фондунун жетекчиси катары да коомчулукка таанымал.

Мындай окуялар Кыргызстанда биринчи жолу катталып жаткан жок. 2011-жылдын соңунда “Кыргыз руху” гезитинин ээси Арстанбек Дүйшөнбаев 10 килограммдан ашык маңзат менен колго түшкөн.


Уланбек Эгизбаев

Булак: azattyk.org