ибрагим1

Катуу сабалып, зордукталган 2 жаштагы Ибрагимдин абалында аз да болсо жылыш бар. Ал азырынча өзүнө келе элек. Бирок, учурда күнүнө 150 граммдан шорпо берип жатышкандыгын, Шаардык медициналык тез жардамдын балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Альберт Кагарлицкий билдирди. Ал ооруканага түшкөндөн 3-4 күн өткөндө дем алдыруу аппаратынан чыгарышкан. Азырынча өзүнө келе элек. Бир нече күндөн бери күнүгө 3 жолудан кашык менен 50 граммдан шорпо ичиришүүдө. Дарыгерлер баланы мээнин комасынан чыгаруу үчүн бардык аракеттерди жумшап жатышат. А.Кагарлицкийдин айтымына караганда, бала жакынкы убакыт аралыгында сакайып кетет.

Даярдаган Айнура ШАЙКЕЕВА