Dried beans and legumes

5-февралда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Элмира Жумалиева   2014-жылдагы төө бурчактын баасы боюнча Улуттук статистикалык комитет  тарабынан берилген маалыматты сынга алды.   Ал  аталган  мекемеден бул  бааларды кайдан алганын түшүндүрүүсүн талап кылып, 2014-жылы төө буурчактын баасы  Статкомитет бергендей  1-кварталда — 90,87 сом, 2-кварталда — 93,82 сом, 3-кварталлда — 89,95 сом жана 4-кварталда — 93,52 сомго чыкпаганын  айтуу менен  бул жылы  2-3-кварталда төө бурчактын баасы 65 сомго,  4-кварталда болсо 50 сомго да жетпегенин  кошумчалады.  Депутат айым  төө буурчактын баасы боюнча туура эмес пикир жараларын эскертип, комиссия түзүп, калкка маалымат  берүүгө чакырды.

Кошумча катары  ошол эле таблицадагы   төө буурчактын 2010-жылдан берки баалары да чындыктан алыс экендигин айтуубуз керек.  Алсак,  ал таблица боюнча 2011-жылы 1-кварталда  төө буурчак 60,94 сом,  жылдык орточо баасы  61, 49 сом  болгон имиш. Мындай баа 2011-жылы  эмес, 2012-жылы да болгон эместигин дыйкандар айтышууда.  Мамлекеттик мекеменин элге ачык-айкын белгилүү нерсени минтип бурмалап маалымат таратышы эч кимге абийир алып келбеси  бышык.

Бегим ТУРДАЛИЕВА