“Бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыз кылуу боюнча жылдык пландын 45 пайызы гана аткарылды”,- деди бүгүн, 24-октябрда селектордук жыйынында Энергетика министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев.

Анын айтымында, учурда өкмөттүн эң маанилүү милдеттердин бири бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыз кылуу. “Көмүрдүн баасы боюнча Монополияга каршы кызматынын маалыматына ылайык, көмүрдү сатууда эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган эмес. Муну катуу көзөмөлгө алышыбыз керек. Ушул багытта жергиликтүү бийликтер тарабынан иш-аракеттер жүргүзүлүшү зарыл”,- деди ал.

Мындан тышкары К.Турдубаев республика боюнча көмүр сатуучу 577 отун базалар жана түйүн бар экендигин баса белгиледи. “Түндүк аймактарда 266 түйүн бар. Бул жерлерде көмүрдүн баалары 1100-3500 сомдон (Нарын облусунда) 2800-5500 сомго чейин (Ысык-Көл облусунда) болууда. Ал эми түштүк облустарда 577 түйүн ачылган. Баалар 2500 сомдон 9500 сомго чейин жетүүдө”,- деп толуктады Турдубаев.