Чүйдүн Искра айылында Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын (ФАО) колдоосу менен сүттү кайра иштетүүчү чакан ишкана ачылды. Ага түрк өкмөтү да каражаттан жардам берген.


Ишканада жалпысынан ондон ашык сүт азыктары даярдалганы жатат.

3 Долбоордун башкы максаты фермерлердин башын кошуу, чарбаларды ирилештирүү. Мунун натыйжасында техникаларды, жабдууларды чогуу сатып алышат, натыйжада чыгым азаят, киреше көбөйөт.

4
Искра айылында саан уй миңден ашат.

5 Руслан Шерматов, фермер:  2012-жылы тогуз адамдан турган топ Түркияга барып мал чарбачылыгы, сүт-эт азыктарын кайра иштетүү тажрыйбасы менен таанышып келгенбиз. Мисалы ал жакта уйлардын ээлери шаарда жашап, малы болсо айылда ушундай чарбаларда багылат экен. Чарбалар мал ээлери менен келишим түзүп, уюнун сүтүнүн баасын аныктап, андан тоюттун наркы, багылган акысы алынып, калган акчаны төлөп берип турушат экен. Ушундай ыкма менен жылкы, тоок, иттерден өйдө багылат. Биз дагы мындай ыкманы бул жакта колдонуп көрөлү деп жатабыз.

6 Ишкананы ачууга болжол менен 50 миң доллар каражат кетти. Анын 30 пайызын Чүйдөгү мал багуучулар ассоциациясы төлөдү. Калган каражатты ФАО түрк өкмөтү менен бирге берди.

7 Искралык фермерлер Кыргызстан Бажы биримдигине кирип калса, өндүргөн сүт азыктарын Орусия жана Казакстанга сатабыз деп кудуңдап турушат. Цех буюрса эмдиги жылы жазында толугу менен ишке кирет.

8 Ишканага эки тонналык сүт танкери орнотулду. Андан сырткары лаборатория бар.

9
Чүйдөгү мал багуучулар ассоциацияснын жетекчиси Кумарбек Боромбаев.

Булак: Азаттык