фарид НИязов1

“Президент Алмазбек Атамбаев  Р.Умбеталиевдин  Президенттин тегерегиндеги азыркы чиновниктерге карата кылмыш ишин козгоо боюнча документтер бар же жоктугу боюнча маалыматын терең териштирүүнү талап кылды”,- деди Мамлекет башчысынын кеңешчиси Фарид Ниязов. – Алмазбек Шаршенович  Башкы прокуратуранын жаңы жетекчиси И.Жолдубаевага бул маалымат боюнча бардык жагдайларды аныктоо милдетин тапшырды. Президенттин пикири боюнча Башкы прокуратурада мындай документтер бар же жоктугу тууралуу, эгерде бар болсо, эмне себептен тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлбөй же кылмыш иштери козголбогондугу туурасында коомчулук ачык жооп алууга тийиш”.

Буга чейин ЖМКда 2015-жылдын 27-февралында “Акипресс” маалымат агенттигинде пресс-конференцияда саясый партиялардын биринин мүчөсү Расул Умбеталиев мындай деп маалымдаган: “Башкы прокурор болуп турганда Президенттин тегерегинде иштеп жүргөн азыркы чиновниктерге кылмыш иштерин козгоо боюнча бир катар документтерди даярдагандыгы Аида Салянованын кызматтан кетишинин негизги себеби болгон”.

Андан соң Башкы прокуратура  мындай документтер жогорку көзөмөлдөөчү органдын өндүрүшүндө бар экендигин  жокко чыгарган, бирок өлкөнүн Президенти терең териштирүүнү жана толук маалымат берүүнү талап кылды.