турсунов

Жыл аяктап баратат. Ар бир адам жыл бүтүп баратканда артына саресеп сала “мен эмне иш бүтүрдүм, эмнени бүтүрө албай калдым, кимге кандай мамиле кылдым?” деп ойлонот эмеспи. Мен дагы артыма бир кылчая карап, Эрнис агадан айрылганыбызды эстедим. Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал акын, жазуучу, мыкты котормочу Эрнис Турсунов менен быйыл кош айтышканбыз. Ал киши үйүнө чакырып алып, көп нерселерди айтып берээр эле. Угуп, керектүүлөрүн, кызыктарын жаздырып алчумун. Азан чакырып койгон өз аты Эшмухаммед экен. Эрнис аганы эскерүү катары кыргыз тили, К.Тыныстанов, жер-суу аттары жөнүндө гезит бетине сунуштоону туура таптым.

“Грамматика, синтаксис, лингвистика, морфологияда Касым Тыныстанов реформатор болгон. Чоңдор үчүн, балдар үчүн окуу китептерди уйкаштыра жазып, балдарга тамга үйрөтүүгө ылайыкташтырып иштеп чыккан. Мисалы, былк этти, шылк этти, дүңк этти, бүлк этти деген сөздөрдөн улам этишти тапкан. Жөндөмөлөрдү – атооч, илик, барыш, табыш, жатыш деп, жактоочторду – биринчи жак, экинчи жак, үчүнчү жак деп бөлүп, ошол боюнча кыргыз тили окутулуп келатат. Азыркы түштүк балдары айткандай отурайлык, барайлык эмес – отуралы, баралы болот. Үчөөсү, жетөөсү, бешөөсү эмес – үчөө, бешөө, жетөө деп айтылат. Бул – адабий тилдин нормасы. Аны Тыныстанов калыптандырган. Бийик трибунада, расмий жерде отуруп алып, тилди массалык түрдө маданиятсыздык менен бурмалап сүйлөө кылмыш болуп эсептелет. Ошондуктан, тилге так болуу керек. Тилге эч кандай комиссия зарыл эмес. Мындай мисал эч бир өлкөдө жок. Англияда, Францияда тил комиссиялары бар деп уктуңар беле? Тил тилге кошулганды сүйөт, тил кандай өнүгүштү өзү билет. Жердин жасалма жандоочу деп спутникти киргизип, спутниги калды дагы жандоочу кирбей калды. Аны тил өзү түртүп салган. Ошол сыңары, сыналгы, үналгы деген калды дагы телевизор, радио деп айтылып калды. “Манаста” “Чалды куйду, будуң чаң” деген укмуш сөз бар. Аны орустар переполох деп эле коет. Ага чалды-куйдусу эле жетишет, будуң-чаңын кошкондо окуянын жүрүшү хаос болуп калат. Ач-кыйкырык-куу-сүрөөн деген кошмок сөз бар. Ушул сөздөрдү которуп, башка тилдерге салыштырып көрүү керек. Илгери, мал-жаның аманбы? – деп сурашкан. Анда салам алейкум кире элек. Малдан сүт, тамак, кийим, тери алынган. Ошол амандашуунун өзүндө чоң маани жатат. Кызыкпагандык, тилдин тарыхын билбегендик күчөп баратат. Кыргызда жер аттарын коюу бешке бөлүнгөн. Байыркы кыргыздар күндөлүк турмушунда араб же башка тилдердин киришине караганда жер аттарын өз мүнөзүнө, менталитетине карап койгон. Биринчиден, кыргыз малды ыйык көргөн, ошон үчүн анын аттарын жерге коюшкан, муну унутпоо керек. Мисалы, Тору-Айгыр, Кочкор, Жети-Өгүз, Ат-Башы, Кара-Буура, Ала-Бука, Чолпон-Ата, Миң-Куш ж.б. толуп жатат. Экинчиден, жалаң өсүмдүк чөп, бак-шактардан койгон: Алчалуу, Алмалуу, Топ-Караган, Чырпыкты, Сары-Камыш, Чоктал ж.б. бар. Үчүнчүдөн, кыргыздар жердин мүнөзүнө жараша аттарды койгон: Дүңгүрөмө, Шаркыратма, Күркүрөө деп. Өң-түсүнө жараша: Көк-Жар, Кызыл-Кыя, Ак-Жар, Сары-Бел ж.б. Төртүнчүдөн, бир окуя болуп өткөн жерлерге: Кыз-Күйөө, (кызды мүшөккө салып туруп, капчыгайдан ыргытышкан), Курман-Жылга, Байбиче-Саз деген аттарды беришкен. Бешинчиден, кыргыздар эмгек куралдарынын атынан жер аттарын коюшкан: Жаргылчак, Тегирменти, Токмок, Кара-Балта, Бишкек, Сокулук, Орок, Кетмен-Төбө ж.б. Ал эми Кемин, Дөрбөлжүн, Суусамыр, Көкөмерен, Дархан, Нарын, Жалал-Абад, Тянь-Шань, Боом – биздин сөздөр эмес. Булар же калмактыкы же ойроттуку, шордуку же кытайдыкы.  Дөрбөлжүн сөзү – төрт бурч дегенди билдирет. Кишинин атынан жер аттарын коюшкан эмес. Көчөгө, кокту-колотко, көпүрөгө, мектепке, айылга атабыздын атын коебуз дегендер кийин гана чыкты. Мына ушунун баарын классификация кылып, Касым Тыныстанов тарыхына чейин сөздү изилдеп чыккан. Армандуу жери – Тыныстановдун баркын билбей, аттырып жибергени болду. Кайран гана киши, кыргыздын биринчи профессору”, – деген эле Эрнис ага.

Ал бир жолу: силер кыргыз тилин сүйлөп сактагыла. Сүйлөй берсеңер, тил эч качан өлбөйт. Азыркы жаңы кыргыздар “кыргыз тили жарды, сөз таппай жатабыз” деп башка тилде түшүндүргөндү мода кылып алышыптыр. Андай эмес. Биз Константин Юдахинден окуп калдык. Ал кыргыз тилинин ушунчалык бай экенин айтчу. “Үрөй, ындын деген сөздөрдү орус тилине кантип которсо болот? Оңой менен которулбайт. Бул сөздөр менен адамдын кебетесин кыргыздар таамай айткан. Өзүңөр кыргыз тилинин бай экенин билбейсиңер. Убактым жок дейсиңер, убакыт турат, чолоом жок дебейсиңерби? ”- деп, Юдахин айтчу дээр эле.

Эрнис Турсуновдун жанында отуруп, көп сөздөрүнө каныгып чыкчумун. Турушу менен эле тирүү энциклопедия болчу. Окуянын кайсы жылы, кайсы күнү болгонун так айтчу. Сөздү бөлгөндү жаман көрчү. Көздөрүн чакчайтып алып, Манас айткандай эле бакылдап сүйлөп киргенде шашып калчубуз. Алгачкы болуп “Куранды”, “Библияны”, Пушкиндин көп чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Орус тилин мыкты билчү. Чыгармачылыкта бардык жанрлар менен иштеди. Кайран гана киши, жаткан жери жайлуу болсун.

Сымбат МАКСУТОВА