business2791

Февралдан тарта калк үчүн электр энергиясына карата тариф арзандайт. Бул тууралуу 9-январда маалымат жыйынында Отун-энергетикалык комплексти көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаев билдирди. Буга чейин 700 кВт/сааттан ашкан жөнөкөй керектөөчү 2 сом 5 тыйындан төлөп келсе, кийинки айдан баштап 1 сом 82 тыйындан төлөшөт. Ал эми өндүрүшкө жарыкты колдонгондор буга чейин 2 сом 19 тыйын төлөсө, эми 1 сом 97 тыйындан айланат. Казакстан менен болгон келишимге ылайык, декабрда 233 млн. кВт/саат камсыздалышы керек болсо, иш жүзүндө 118 млн. кВт. колдонулган. 8-январда Президент Алмазбек Атамбаев Энергетика министри менен Отун- энергетикалык комплексти көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисин кабыл алып, электр энергиянын баасын арзандатуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууну тапшырган. Кыргызстанда электр жарыгына болгон баа акыркы жолу 2008- жылы көтөрүлгөн.

 КМШ өлкөлөрүндө электр энергияга болгон тарифтердин өсүү динамикасы төмөндөгүдөй:

Казакстанда 2008-жылы 1 кВт/саат электр- энергиянын баасы 1 сом 12 тыйын болсо, 2013-жылы бул нарк 4 сом 40 тыйын турган. Тажикстанда 1 сом 12 тыйын болсо, акыркы беш жылда баа 68 тыйынга жогорулаган. Өзбекстанда 2008-жылы жарыктын баасы 1кВт/саат электр- энергиянын баасы 1 сом 40 тыйын болсо, былтыр 2 сом 60 тыйынга көтөрүлгөн. Электр энергиясына эң жогорку тариф Молдовада. 2008-жылы 3 сом 70 тыйын, 2013-жылы болсо 6 сомдон ашты. Украинада болсо электр энергияга болгон баа тескерисинче арзандаган. Беш жыл мурун 1 кВт/саат энергия 3 сом 36 тыйын болсо, былтыркы жылы 1 сом 86 тыйын болгон. Белоруссияда 2008-жылы 1 кВт/саат 3 сом 54 тыйын болсо, 2013-жылы 4 сом 30 тыйын болгон. Кыргызстанда 2008- жылдан бери тариф алмашкан жок. 1 кВт электр энергияга болгон баа 70 тыйын бойдон. Казакстандан импорттолгон энергиянын баасы 5 сом 60 тыйынды түзөт. Мындай чечим кышта жарыкты үзгүлтүккө учуратпоо үчүн 2,5 млрд. кВт/саат кошумча электр-энергия болгондуктан кабыл алынган.

700 кВт/саат 70 тыйын тарифи менен = 490 сом

50 кВт/саат 2 сом 05 тыйын тарифи менен = 102,5 сом

Бардык төлөм: 592,5 сом.

 Мээрим БАКТЫБЕКОВА