спорт1 спорт

17-январда Бишкектеги Т.Сатылгано атындагы улуттук филармонияда “ТОП.Kg” гезитинин тандоосу боюнча мыкты спортчуларды сыйлоо салтанаты өтөт.

Спорттун бардык түрлөрү боюнча жылдын мыкты спортчуларын аныктоо Кыргызстанда алгачкы жолу жаңы форматта өткөрүлөт. Мыктылар добуш берүүнүн негизинде аныкталды. Спортчулар алгач кызыл килемден өтүшөт, анан расмий бөлүктө сыйлоо салтанаты болот, соңунда кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын катышуусунда шоу-кече менен коштолот.

Салтанатты уюштуруучу Сейтек Оморов, Sports Awards – 2014 кыргыз спортун популяризациялоонун аракети экенин белгилеп, спортчуларга тапшырылуучу Кубоктор атайын Түркиядан жасалып келгенин билдирди.

Кече саат 16:00дө башталат, кирүү акысыз.

 Асан ЖУНУСОВ