Жумгалдын нанын жеген барбы…
Элет ишкери Сагындык Сапарбаевдин эмгек жолу менен таанышканымда анын өмүр жолунун көпчүлүк бөлүгү нан бышыруу менен өткөндүгүнө күбө болдум. Ал адегенде 9-классты Бишкектеги №5 кыргыз орто мектебинен бүтүргөндөн кийин №10 шаардык кесиптик-техникалык окуу жайына тапшырып, андан эки жыл билим алган соң нан-кондитердик азыктары боюнча адистикке ээ болуп, андан соң Кара-Балта шаарындагы тамак-аш техникумуна кирип, мурдагы алган адистиги боюнча билимин алда канча кеңейткен. “Кылым жашасаң, кылым оку” демекчи, С.Сапарбаев азыркы Кыргыз Улуттук Университетинен өнөр жайын пландоо боюнча жогорку билим да алган.
Ал 1964-жылы Балыкчы шаарында нан заводунда эмгек жолун баштаган. 1965-жылдан тартып 1979-жылга дейре Чаек нан бышыруучу ишканасына жетекчилик кылган. Андан кийин ар кайсы жетекчилик кызматтарда иштеп жүрүп, 1992-жылдан тартып Жумгал районунда кайрадан нан бышыруу тармагын колго алып, Кызыл-Жылдыз айылында өз алдынча “Сапарбай АТА АРТ” жоопкерчилиги чектелген коомду ачкан.
Бир караганда нан бышыруу оңой-олтоң оокаттай көрүнөт. Бирок, изилдей келгенде анын түйшүгү түмөн экендигин көрөсүз. Себеби, үйдүн шартында нан бышыруу үчүн биринчи кезекте ун сатып алуу керек. Аны үйгө алып келгенден кийин аял байкуш камыр жууруйт, ачытат, камырды жаят, тандырга от жагып кызытат. Анан жаап бышырат. Ушунун баарын көз алдыңа элестетсең канчалык көп убакытты алган түйшүктүү жумуш. Канчалаган отун жагыларын айтпай эле коёлу. Бул жагынан алганда Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Сагындык Сапарбаевдин нан бышыруу цехин ачып, нандын түркүн түрлөрүн элге тартуулап жатышы ошол элет адамдарынын жеңилин жерден, оорун колдон алганга барабар эмеспи. Анын үстүнө С.Сапарбаев жетектеген “Сапарбай Ата “АРТ” ЖЧКнын бүгүнкү күндө чыгарып жаткан нан продукциялары мамлекеттик стандартка жооп берүү менен гана чектелбестен, жаңы технологиялардын негизинде анын жогорку сапатын камсыз кылууда. Демек бул ишкананын нанына болгон суроо талап да жогорку деңгээлде. Анын үстүнө С.Сапарбаев калкты нанды түрлөп, тандап жегенге да үйрөттү, мүмкүнчүлүк түздү деп айтсак болот. Анткени, бүгүнкү күндө “Сапарбай Ата” ЖЧКсы бөлкөнүн 4 түрүн, батондун 5 түрүн, тандыр нандын 3 түрүн, булочканын көптөгөн түрлөрүн, кургатылган нандарды, ай нан, жылдыз нан, тоголок нан, бублик ж.б. нан түрлөрүн тынымсыз чыгарып, элге тартуулоодо. Жакында Сагынбек Сапарбаевге жолугуп, жасаган нан азыктарынын сапатынын жакшы болушунун жана анын нанына элдин суроо-талабынын көп болуп жаткандыгынын сырын сурадым. Ал мага нан бышыруунун советтик стандартын сактаган адис экендигин айтты. Чынында советтик мезгилдеги нан адамдын ден соолугуна жагымдуулугу жана узак мөөнөткө бузулбай сактала тургандыгы менен айырмаланчу эмес беле. Азыркы учурда пайда табуунун айласын издеген нан бышыруучу ишканалар тышы жалтырак, ичи калтырак нан азыктарын чыгарууга көбүрөөк далалат кылып жүргөнүн айтып, элеттик эмгекчил адам Сагындык Сапарбаев кейиди. Ал азыр жаңы технологиядагы нан кондитердик азыктарды чыгарууга мүмкүнчүлүгү чоң, жаңы жабдууларды алуу үчүн атайын долбоорлорго катышууда. Эгерде ал долбоорлор колдоого ээ болуп калса, Жумгал районунун калкын сапаттуу нан азыктары менен камсыз кылуу мындан да жакшырмак. Бүгүнкү күндө Сагындык байке Жумгал элинин ыраазылыгына ээ болуу менен бул райондо салыкты өз убагында төлөп турган абийирдүү, мыкты салык төлөөчү да болуп эсептелет. Нан бышыруу ишин дагы эле жигердүү улантып келүүдө.
Абдимухтар Абилов
Leave a Reply