Нарын облусунун Жумгал районунун Кара-Кече көмүр кениндеги иштер менен таанышууга келген эл өкүлдөрү, 21-октябрда Жумгал райондук мамлекеттик администрациясыда болуп, көмүр маселелери тууралуу чакан жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Анда чогулгандар, бир катар көмүр кендеринин жетекчилери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү ЖКнын Депутаты Кожобек Рыспаевге орчундуу суроолору менен кайрылышты.

Ошондой эле, учурда Кара-Кече Кабак боссейининде 12 көмүр ишканасы көмүр казып жаткандыгы, түштүк тараптан башка региондордун бардыгын Кара-Кече көмүр кени камсыздап жатканы белгиленди. Аны менен бирге бюджеттик мекемелерге тендерден утуп алган көмүрлөр учурда аяктап калгандыгы, Нарын облусуна жана Ысык-Көл, Талас облустарына көмүр тартылып жатканы айтылды.

«Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңешке жол маселесин койдук. Азыркы күндө биздин өкмөт өзүнүн токтому менен чечип берген Кара-Кече көмүр ишканасына, Балыкчыга чейин быйылкы кышта көмүрдү тартып алгыла деп милдет койдук. Келечекте Балыкчыдан баштап Бишкекке чейин темир жол менен ташуу боюнча өкмөт бүгүнкү күндө каражат бөлүп жатат. Мамлекеттик Кара-Кече көмүр ишканасына техника алуу үчүн 50 млн сом бөлүнгөн. Көмүрдүн запасы азыркы учурда 400 млн тоннадан ашык», – деди эл өкүлү К.Рыспаев.

Ал эми Кыргыз көмүр ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов, 25-октябрдан баштап Чүй жана Ысык-Көл облусу менен Талас облустарына жалпы калкка көмүр тартылып жатканын айтып, азыркы учурда көмүрдүн кенден чыгып жаткан баасы 1300 сом экенин билдирди.

комур

 

Булак: Turmush