Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында БУУнун Өнүктүрүү программасы долбоору тарабынан тигүү цехи жаңы жылдын башы менен ишке киришкен.

Цехтин жабдууларына 446 600 сом бөлүнгөн. Бул цехте 5 тигүү машинкасы: бирөө беш жиптүү, 1 үтүк бардык жабдуулары менен, 1 оберлок, 1 кездеме кескен «Майман» бычагы, жана 1 жүн тыткан станок коюлган.

Жамааттын аты «Сезим», төрайымы Жамантаева Майрамкан. Жамаатта 7 айым эмгектенет, Нусубалиева Назира тикмечи, Раимкулова Роза бычмачы, Алыбаева Гүлзат тикмечи жана Касымалиева Динара тикмечи.

«Бул цех ачылгандан бери шейшеп, 4 даана куралган жер төшөк, автомашинага жаздыкча, төшөктөр, даяр плашевка кездемеден чыптамаларды тиктик. Кардар азырынча азыраак. Жүн тыткан станокту суукка байланыштуу жаз айы менен иштетебиз. Машинка станокторду айылыбыздын мастери Өмүрбек орнотуп берди. Буюрса ишибиз жакшы», – дейт жамааттын төрайымы Майрамкан Жамантаева.

18

10

13

14

19

16

24

23

22

21

17

 

10Булак: Турмуш