Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек  айылындагы эс алуу гүл багындагы хоккей аянтчасы кышкы хоккей оюндарына даярдалууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Муз аянтчасы мындан 2 жыл мурун ачылган, азыркы тапта мектеп окуучулары кышкы эс алууда болгондуктан көпчүлүк убактысын коньки тебүү менен алек.

Коньки ижарага саатына 50 сомдон берилет. Муз аянтчага кечкисин барууга да шарт түзүлүп, жарык орнотулган.

«Буга чейин муз аянтчанын тегереги ачык болгондуктан ар кандай тоскоолдуктарды жаратып келген, муну эске алган жергиликтүү бийлик менен Жумгал райондук дене-тарбия жана спорт бөлүмү аянтчанын айланасын тосушкан. Ошондой эле жакынкы аралыкта ушул аянтчада Жумгал районунун кубогуна арналган шайба менен ойнолуучу хоккей оюну өтөт», – дейт райондук дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн адиси Токторбек Бейшенбек уулу.

IMG_0013IMG_2390IMG_3198IMG_3212IMG_3279