Хоккей боюнча Нарын облусунун Жумгал районунда өткөн 3-ачык чемпионатында баш байгени Чаек айылынын «Жумгал-Шортон» командасы утуп алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анда финалдык турга чейин жалпы 7 команда катышып, анда алгач «Жумгал-Шортон» менен Миң-Куштун «Барчын» командасы ойношуп 4:3 эсебинде чаектиктер жеңишке жетип, 50 миң сом байге алса, 2-орунду ошентип Миң-Куштун «Барчын» командасы келип 30 миң сом, ал эми 3-орун үчүн беттеште Нарындын «Дордой Ала-Тоо» командасы 30 миң сом жана 4-орунга Кочкор районунун «Ормон-Хан» командасы келип 10 миң сом байге алышты.

Тайпалык мелдеште «Байзак», «Нураалы Аке» жана «Чолпон-Ата» командалары тийиштүү упай топтой албай, оюнду токтотушкан.
Андан тышкары, мыкты оюнчу, чабуулчу жана тосмочу деген наамдар КМЮАнын ректору Канат Керезбеков тарабынан берилип, жалпы 5 наамга атайын желекчелер ыйгарылды.

Мелдештин жалпы байгеси 300 миң сомду түздү.

Булак: Турмушturmush.kg