оң рудуу машина

Жогорку Кеңеште 2015-жылдын 28-январында кабыл алынып, өлкөдө оң рулдуу автомашиналардын алынып келүү жолжоболорун жөнгө салууга багытталган «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» КР мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзамга КР Президенти А.Атамбаев тарабынан кол коюлду. Эми ал расмий жарыялангандан тарта үч айдан соң толук күчүнө кирет. Мыйзамдын башкы максаты –  жолдо жүрүү коопсуздугун камсыз кылуу.

Бул мыйзамдын кабыл алынышы менен калк арасында оң рулдуу автоунаалардын Кыргызстан аймагына ташылып келүүсү тууралуу ар кандай кайчы пикирлер айтылууда.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Жусупали Исаевдин айтымында, Кыргызстан эгемендик алгандан бери «оң жана сол рулдуу автомобиль» деген түшүнүк эле эмес, дегеле «Автотранспорт жөнүндө» мыйзам жок экен. Буга кимдер кызыкдар болгон? Мындай мыйзамсыздык кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы үчүн кызмат өтөп жүргөндөй туюм калтырат. «Таптакыр эле башаламандык өкүм сүрүп калган. Депутаттар тобу демилгени колго алып, автоунаа пайдалануу жүрүмүн, ага улай узак жылдардан бери чечилбеген жолдо жүрүү тартибин жөнгө салууга туура келди», – дейт ал.

Депутат Ж.Исаев мыйзам күчүнө кирген соң, оң рулдуу автомашиналарды өлкө аймагына ташып келүү, каттоо, жолдо жүрүү иштери токтотула турганын, ал эми мыйзам кабыл алганга чейин алынып келинген автоунаалар өз ресурсу бүткөнгө чейин колдонула берерин билдирди. «Бирок, мыйзам талабына ылайык, 2016-жылдын 1-январынан оң рулдуу автомашиналарды жүргүнчүлөрдү ташуу багытында пайдаланууга тыюу салынат. Мындай тартип калкыбыздын коопсуздугун коргоо максатында киргизилди», – деп кошумчалады ал.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргызстандын аймагына коммуналдык чарба, айыл чарбасы, жол куруу же аны күтүү багытындагы атайлаштырылган транспорт каражаттары гана алынып келинет, каттоодон өткөрүлөт, пайдаланууга берилет. Калган оң рулдуу техникаларды ташып келүүгө тыюу салынмакчы.

КР ИММ маалыматына караганда, Кыргызстандагы оң рулдуу автоунаалар акыркы 8 жыл аралыгында эле 46 пайызга көбөйүп, жалпы автомашиналардын 16 пайызын түзүп калган. Жол кырсыгынын башкы себепкери да ошолор. Ошондон улам, кыргызстандыктардын алдында «адам өмүрү кымбатпы же бирөөлөрдүн жеке бизнес тагдыры аялуубу?» деген сындуу ачкей собол турган. Парламент адам өмүрүн тандап алды. Президент ал демилгени колдоду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.