Ысык-Көл облусундагы жол кырсыгынан 6 адам каза болуп, 3 адам жабыркады

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 2014-жылдын 23-октябрь күнү саат 17:37 чамасында Балыкчы-Каракол унаа жолунун 101-чакырымында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Тойота Виш үлгүсүндөгү унаа кагылышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен Тойота Виш унаасынан 6 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге КРнын ӨКМнын №38 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып беришкен. Жабыркагандар Бөкөнбаев айылындагы Тоң райондук ооруканасына жеткирилишкен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

кырсыкБулак: super.kg