Жээнбеков1- Жээнбеков-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 4-мартта Чүй облусундагы Кемин районунун жана Ысык-Көл облусундагы Түп районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары менен жолугушту. Жолугушууга Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева, депутаттар Эсенгул Исаков, Каныбек Иманалиев, Курманбек Дыйканбаев, Данияр Тербишалиев жана республиканын тиешелүү министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери катышты.

Төрага А.Жээнбеков мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана өлкөдөгү парламенттик демократияны өнүктүрүү, экономиканы алга жылдырууга багытталган реформалар, диний кырдаалды жөнгө салуу, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө боюнча жүргүзүлгөн мамлекеттик саясат тууралуу учкай кеп кылды. Ошону менен катар Төрага энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жаатында көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө да маалымат берди. Өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаал жана алдыдагы парламенттик шайлоолорго токтолгон А.Жээнбеков бийликтин алмашуусу таза жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүү аркылуу жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи. “Бийликтин бирден бир булагы жана ээси – Кыргызстан эли, андыктан жалпы эл өз тандоосун жасашы керек”, – дейт Төрага.

А.Жээнбеков мамлекеттик саясатты жер-жерлерде ийгиликтүү ишке ашыруу жергиликтүү бийликтин ишинен көз каранды экендигин билдирди. Ал аймактардагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө бирдиктүү күч-аракет жумшоо зарылдыгын айтты. “Өлкө парламентинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында социалдык-экономикалык чөйрөдө алгылыктуу жана иштиктүү чаралар көрүлүшү керек”,- деп белгиледи парламент жетекчиси.

Эки облустун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары маселелердин кеңири чөйрөсүнө, анын ичинде калкты таза суу менен камсыздоо, жер тилкелерин турак-жай курууга трансформациялоо, ички жолдордун абалын жакшыртуу, социалдык обьектилерди куруу, административдик-аймактык реформаларды ишке ашыруу, айыл аймактары менен райондорду ирилештирүү маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле кен байлыктарды башкаруу, тоо-кен тармагын өнүктүрүү маселелери белгиленди.

 

Жолугушуунун соңунда министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине жергиликтүү кеңештердин депутаттары тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди деп маалымдады Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.