кутушев1

Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев Ош облусунун Алай районунда болуп, шайлоочулар менен жолугуп, социалдык объектилердин абалы менен таанышып келди.

Ош облусунун Алай районунун борбору Гүлчөдөгү курулганына 1 кылым чамалаган №4 бала бакчанын имаратынын эскилиги жетип, пайдаланууга жараксыз боло баштагандыгына карабай, бала бакчанын жамааты колдон келишинче сактап келе жатышат. Бирок, эскилиги жеткен имарат канчалык аракет болгону менен барган сайын начарлоонун үстүндө. Бала бакча имаратынын абалы менен таанышкан депутат А.Кутушев эмгек жамаатынын жаңы имаратка болгон муктаждыгы туурасында өтүнүчтөрүн укту.

Депутат А.Кутушев Гүлчөдөгү коомдук кабылдамасында да кезек күткөн шайлоочулар менен баарлашып, алардын кайрылган маселелерин чечип берүүнүн аракетин көрдү. 21 жаштагы кызынын оор операцияга дуушар болуп жаткан жарандын маселеси боюнча дароо эле Саламаттыкты сактоо министри менен сүйлөшүп, кандай жол менен дарылоонун жолдорун талкуулады. Ошондой эле мындан мурун Өзгөчө кырдаалдар министри менен келип көрүп кеткен көпүрөлөрдүн курулушу боюнча да маалымат алды.

Ал эми Арпатектир айылындагы №24 орто мектептин учурдагы абалы анча канааттандырбайт. Үстүнөн тамчы таамп,кышкысын болсожарытып жылыбайт. Жаан-чачында, айрыкча кышында балдарды окутуу кыйын. Мектеп жамааты депутатка жаңы мектеп курулса деген өтүнүчтөрүн билдиришти.

Депутат А.Кутушев иш сапарын улап, Будалык айылындагы №20 «Нурай» бала бакчасынын абалы менен да таанышты. Учурда 30 бала тарбияланып жаткан бул бала бакча капиталдык ремонтко муктаж. 2 миллион 996 миң сомго түрткү берүүчү грантка долбоор жазышкан. “Эгер ушул маселе чечилип калса, бакчанын абалын кадыресе оңдоп алат элек”,- дешет бала бакча жамааты.

Бала бакча көйгөйү Чий-Талаа айылында да орун алган. Бала бакча жоктугунан айылдыктар өздөрү демилге көтөрүп бош турган үйдү эле бала бакча кылып алышкан. Чий-Талаалыктар дагы бала бакчага имарат куруп берсеңиздер деген суроо-талап коюшту. Бирок, депутат азырынча Өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жетпей жатканын белгилеп, жеке менчик бала бакчаларды өркүндөтүү сунушун берди.

Айыл тургундары мындан башка да көйгөйлөрдү – жаштарга турак үй салып алууга жер тилкелеринин бөлүнүп берилбей жатканын, кара тизмеге түшүп калган жарандар кайра Орусияга баралбай жатканын, Кытай менен чектешкен Нура айылындагы чек ара өткөрмө пунктуна барып иштеп келүүгө атайын уруксат кагазы талап кылынып, ал жакка барып-келалбай жатышкандыгын, ошону менен катар арпанын, картошканын сапаттуу үрөнү жок болуп жатканын тизмектешти.

Мына ушул өңдүү шайлоочуларынын суроо-талаптарын уккан Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылып, ылайыгына карап чечип берүү жагын убада кылды деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.