парламент1
Депутаттар 11-февралда Жогорку Кеңештин пленардык отурмунда, депутат Кожобек Рыспаев («Ар-Намыс») демилгелеген «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоорун карашты.

Баяндамачы депутат Айнуру Алтыбаеванын («Ар-Намыс») айтымында, толуктоо менен мамлекеттик кызматкердин квалификациялык талаптарына, мамлекеттик кызматкер ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн мамлекеттик тилди зарыл деңгээлде билиши керектиги сунушталган.

Талкуудан кийин, мыйзам долбоордун үчүнчү окууда кабыл алынышы үчүн, 96 депутат «макул» деп добуш берсе, 6 депутат «каршы» болду.