Саруу айылындагы бала бакчанын иши башка айыл округ башчылары үчүн мыкты үлгү боло алат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы бала бакчанын иши менен таанышуу учурунда билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын сентябрь айынан баштап ишке кирген, өз балдарын тарбиялоого берген ата-энелердин үмүтүн кыска мөөнөттүн ичинде актай алды.

Д.Ниязалиева билдиргендей, кыска мөөнөттө жасалган бала бакчанын имараты жана анын жасалгалоосу адамга жакшы таасир калтырат.

«Мен мындай бардык шарттары менен түзүлгөн бала бакчаны айылда көргөнүмө абдан кубанычтамын. Кайсыл жерде болбосун эгерде жетекчи жакшы болсо, иштер абдан жакшы жүрөт. Бул бала бакчанын мисалында биз, кайсыл жерде болбосун, айылдаштарыбызга мыкты башкаруучулук менен жакшы шарттарды түзүүгө боло тургандыгын айта алабыз», – деп билдирди ал.

Ошондой эле, райондун акими Калыс Жудеев жакынкы айларда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн дагы бир топту ачуу пландалып жаткандыгын белгиледи.

«Балдарды кабыл алуу үчүн райондук билим берүү бөлүмү Даниянын «Балдарды куткаргыла» атайын долбоорун жазды, анын алкагында эгерде долбоор жактырылса, анда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштөө үчүн баардык тийиштүү жабдыктар сатылып алынат», – деди ал.

А 1

А 2

 

А 3

А 4

 

А 5

А 6

 

А 7

А 8

А 9