жер үй

Акыркы иликтөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, «Жер-үй» кенинде 100 тоннанын тегерегинде алтын запасы бар.

Андан сырткары, 20 тоннадан ашык күмүш бар экендиги аныкталган.

Таластагы “Жер-Үй” алтын кенинин тегерегинде көп жылдардан бери талаш-тартыш болуп келген. Бирок, учурда көптөгөн түшүндүрүү иштеринин жүрүшү менен жергиликтүү эл алтын кендин ачылышын колдоодо. Бул кен 1969-жылы ачылган. Акыркы иликтөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, 100 тоннанын тегерегинде алтын запасы бар. Андан сырткары, 20 тоннадан ашык күмүш бар экендиги аныкталган.

Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнө тиешелүү аймакта жайгашкан алтын кенин иштетүүгө уруксат алуу лицензиясы 100 млн. доллардан кем болбойт. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Улан Рыскулов 10-февралда жергиликтүү эл менен жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, жакында эле конкурс өткөрүүчү мекемелер аралык комиссиянын акыркы отуруму болгон. Жыйында кенди чалгындоо боюнча бардык шарттар бекитилген. Жалпы облустук социалдык пакет 52 млн. доллар болот деп чечилген. Эгерде кенди иштетүү лицензиясы 100 млн. долларга сатылса, анда анын 3 млн. доллары (3 пайызы) Бекмолдо айыл өкмөтүнө которулат. Мындан сырткары, райондун, облустун өнүгүүсүнө да салым кошулат. “Чалгындоочу компанияларга сынак жарыялоо үчүн Өкмөттүн чечими гана калды”, – дейт У.Рыскулов. Сынак жарыялангандан кийин ага тоо-кен тармагы боюнча тажрыйбасы бар ишканалар катыша алат.

Тоо-кен адистери менен Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургундарынын жолугушуусунда “Жер-Үй” алтын кенинин иштөөсүнө карата жергиликтүү элдин көз карашы оң болду. Бирок, экологиялык мыйзамдар так сакталышын катуу талап кылып жатышат. “Менин жашым 90го келди. Айылда 300 адам жашайт. “Жер-Үй” иштесин, ал иштеп турса, жаштарыбызга жумуш болот. Бирок, экологияны жакшы карашсын”, – дейт Сасык-Булак айылынын аксакалы Ормонбек Жумашов. Ал эми жаштардын атынан сүйлөгөн Калыбай Нусупов мына буларга токтолду: “Убагында “Жер-Үй” жабылсын деп жүрдүк. Элдин көпчүлүгү азыр алтын кен иштесин, пайдасын тийгизсин деп жатышат. Жумушу жоктон Кыргызстанда кээ бир жаштарыбыз Сирияга кетип жатышпайбы… Жумуш болсо, андай болбойт эле да. Ошондуктан, “Жер-Үйдү” иштетүү – учурдун талабы. Өкмөт айылдын элине жаңы мектеп бүтүрүп берди. Социалдык маселелерибизди чечкен шарттар сөзсүз аткарылышы керек. Сууларыбызга, жаратылышыбызга зыян келтирилбесин. Негизги талабыбыз ушул”. Эгерде “Жер-Үй” иштесе, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аймагындагы эле эмес, бүткүл район, облустун экономикасы көтөрүлүп, жолдор оңолуп, мектеп, спорт залдар салынат. Инфраструктура жакшырат. Ушу убакта Таласта жаштардын 90 пайызы жумушсуз. Облус өзүн-өзү толук каржылай албай, дотацияда олтурат. Эгер бул аймактагы тоо-кендери иштетилсе, анын негизинде облус өзүн-өзү камсыз кылып, ал тургай, өлкө казынасына 600 млн. сом салык төгүп турмак. “Жер-Үйдүн” өзүнөн эле жергиликтүү бюджетке 250 млн. сом түшөт. Кенди иштетүү лицензиясын сатуу жобосунда Бекмолдо айыл өкмөтү эле эмес, облус аймагындагы 4 район, бир шаардын да социалдык маселелерин чечүү жагы каралган.

Эл менен жолугушуунун соңунда Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агент­тигинин директорунун орун басары Улан Рыскулов төмөнкүлөргө токтолду: “Жакында сынак өткөрүү үчүн Өкмөттүн буйругу чыгат. Ушул алган компания кен казуу боюнча техникалык долбоорун түзөт. Үч айдан соң фабрика курулууга тийиш”. Кенди иштетүү мөөнөтү 20 жылга жакын созулат. “Жер-Үй” кенин иштетүүнүн шарттары жакын арада жарыяланат. Адистердин айтымында, кен иштеткен фабрика 4 жылдан кийин иштей баштайт. Ага чейин жол салуу, курулуш иштери жүрөт. Алгач 1-2 жылда 200-300 жумуш орун ачылса, кийин 1000 адамга жумушчу орун түзүлөт.

 Азизбек ЧАМАШЕВ