орт1

 Кечээ, 2-ноябрда Бишкектин Учкун жаңы конушунун Ж.Огонбаев көчөсү, 81 дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттөн уктоочу бөлмөсүндө жумшак эмерек, 20 чарчы метр жыгач пол, килем, кийим-кечелер күйгөн.

Бөлмөдө 1962-жылы туулган, үй кожоюну Фифиров Олег Юрьевичтин күйгөн жансыз денеси табылды.

Өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыкканы аныкталды.