Бүгүн, 4-октябрда Жалал-Абад шаарында КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо эртең мененки саат 8-00дө шайлоочулардын активдүү катышуулары шарданында абдан уюшкандыкта башталды деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. КРнын Жогорку Кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарын шайлоо эртең мененки саат 8-00дө ЖАМУда жайгашкан №2093 шайлоо участкасында Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды. Шайлоочуларды ушул шайлоо участкасынан добуш бере турган катардагы шайлоочу, эмгек ардагери Аким Ташматов жана эң жаш шайлоочу Абдулатип кызы Гүлнура куттукташып, бүгүнкү шайлоодо алдыдагы беш жыл аралыгында Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн татыктуу салым кошо турган депутаттарга добуш берүүгө үндөп кетишти. Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, ЖАМУнун ректору, саясий илимдеринин доктору, профессор Акунжан Абдрашев алгачкылардан болушуп добуш беришкен шайлоочулардын катарында өз добуштарын беришти. ЖАМУда жайгашкан №2093 шайлоо участкасында 2810 шайлоочулардын тизмеси бар экендигин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Сапар Ажыкулов маалымдады.
Ал эми Жалал-Абад шаарындагы №1 кесиптик лицейге жайгашкан №2098 шайлоо участкасында 2010 шайлоочу өз добуштарын бере тургандыгын маалымдаган участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кубаныч Бегимкулов шайлоочулардын добуш берүүдөгү өзгөчө активдүүлүктөрүн баса белгилеп кетти. КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева өз добушун ушул шайлоо участкасынан берди.
– Бүгүнкү күндө область боюнча түзүлгөн 418 шайлоо участкаларында КРнын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо эртең мененки саат 8-00дө башталды. Шайлоо кечки саат 20-00гө чейин жүрөт. Жалпысынан область боюнча 494455 шайлоочулардын тизмелери такталган. Бардык шайлоо участкаларында шайлоонун таза жана адилеттүү өтүүсү үчүн 14 саясий партиялардын байкоочулары катышып жатышат. Ал эми шайлоо күнүндө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда 1000ден ашуун ички иштер органдарынын кызматкерлери жана 700дөн ашуун ыктыярдуу элдик кошундардын мүчөлөрү иштеп жатышат. Жалал-Абад областы боюнча 100гө жакын Эл аралык жана республикалык коомдук уюмдардын өкүлдөрү байкоочу катары шайлоо участкаларын кыдырып жүрүшөт. Мындан сырткары Россия Федерациясынын Алтай Республикасынан 5 байкоочу Жалал-Абад областындагы шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып жүрүшөт,- деди өкүл Жумагүл Эгембердиева.
Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы театрга жайгашкан №2094 шайлоо участкасында дагы шайлоочулардын активдүүлүгү айкын сезилип турду. Бул шайлоо участкасында 1543 шайлоочулар өз добуштарын бере тургандыгын участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы Чынара Чотурова бизге маалымдады.

Шайлоо 2015-жыл 024

Шайлоо 2015-жыл 029

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу