Жаңы Жылга карата Бишкек шаарынын көчөлөрүн кооздоо иштери башталды
Бишкек шаарында Жаңы Жылды тосууга даярдыктар башталып, шаарды жасалгалоо жана майрамдык иш-чараларды уюштуруу боюнча штаб түзүлдү.
«Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, азыркы учурда Чүй проспектисиндеги бактарды жасалгалоо иштери жүргүзүлүп жатат, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.
Кийинки кезекте батыш тараптагы «Илбирс» ЖЧК жана «Агроном Холдинг» ЖЧК имаратын жасалгалоо пландалууда.
Ал эми борбордук аянтка жаңы жылдык балатыны орнотуу, жасалгалоо иштери 10-декабрда башталат. Ошондой эле, Бишкек мэриясынын имаратынын алдына жана А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдына балаты орнотуу пландалууда.
Мындан тышкары, шаардагы райондор арасында «Мыкты жасалга» сынагы жарыяланды.
Булак : Баракелде
Leave a Reply