Өзгөчө кырдаалдар министрлиги,  25-октябрда эки күн мурун Ысык-Көл облусунда 7 адамдын өмүрүн алып кеткен автокырсыкка тийиштүү сүрөттөрдү жарыялады. Эскерте кетсек, Тоң районунда 23-октябрда саат 17:40 чамасында Балыкчы-Каракол унаа жолунун 101-чакырымында жол кырсыгы болгон. Мерседес үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Тойота үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышып, жеңил унаанын ичиндеги 7 адам каза болуп,  2 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары барышып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып беришкен.

Жабыркагандар Бөкөнбаев айылындагы Тоң райондук ооруканасына жеткирилгени айтылган.

Больницага жеткирилгендер:

– Сыдыкбаев Арсен Жеңишбекович, 1988 жылы туулган, Чүй областынын Раздольное айылынын тургуну;

– Калиев Арслан Маратбекович, Теплоключенка айылынын тургуну;

– Калиева Нуркыз Маратбековна, 1993-жылы туулган, Теплоключенка айылынын тургуну.

6 адам каза болду:

– Сыдыкбаев Руслан Мелисбаевич, 1975-жылы туулган, Ак-Терек айылынын тургуну, Жети-Өгүз району;

– Акылбек кызы Сыргажан, 2009-жылы туулган, Ак-Талаа районунун, Баетово айылынын тургуну жолдон каза болгон;

– Тойчунов Акылбек Турсунбекович, 1983-жылы туулган, Ак-Талаа районунун Баетово айылынын тургуну

– Акылбек кызы Самира, 1,5 жаштагы кыз, Ак-Талаа районунун, Баетово айылынын тургуну, больницадан көз жумду;

– айдоочу Айгүл Мырзабекова, 1976-жылы туулган, Ново-Покровка айылынын тургуну, Ысык-Ата району;

– Сыдыкбаева Нургул Мелисбековна, 1985-жылы туулган, Ак-Терек айылынын тургуну, Жети-Өгүз району.

автокырсыкавтокырсык1автокырсык3автокырсык4Булак: super.kg