89

Этногенетикалык жактан тамыры бир, ошону менен бирге миңдеген жылдар бою коюн-колтук алышып, коңшу жашаган этносторго кыргыз жана өзбек элдери да кирет. Алар тарыхтын даңктуу жолун бирге басышкан. Баштарына мүшкүл иш түшкөндө, тар жол, тайгак кечүүлөрдө бирин-бири жөлөп-таяп келишкен.

Фергана өрөөнү – миңдеген жылдар бою Борбордук Азия элдеринин чарбасынын, материалдык жана руханий маданиятынын очогу болгон. Бул жерде дыйканчылык менен кесип кылган түрк жана иран тилиндеги отурукташкан, дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишкен түрк этносторунун өкүлдөрү бири-бири менен кошуна жашап, соода жүргүзүп, кыз алышып-кыз беришип, кызуу алакада болушкан.

VIII кылымдын башында Орто Азия элдери, анын ичинде бүт түрк элдери кытайлардын баскынчылыгына бирге каршы чыгып, өз эркиндигин коргоп, элди жана жерди кытайлаштыруудан сактап калышкан. Алардын арасында кыргыздар менен өзбектердин ата-бабалары да активдүү катышкан.

X кылымдын орто ченинде Орто Азиянын территориясында, ал жерде жашаган түрк элдери орто кылымдагы экономикалык жана маданий жактан өнүккөн Караханид мамлекетин түзүшкөн. Баласагын, Өзгөн (Кыргызстан), Кашгар (Кытай), Самарканд (Өзбекстан) шаарлары ар кайсы мезгилде Караханиддин борборлору болуп, Орто Азиядагы ар тараптан өнүккөн феодалдык мамлекет болгон. Караханид мамлекети чыгыштагы жана батыштагы коңшу жана башка өлкөлөр менен саясий, экономикалык жана маданий жактан тең ата катары өнүгүп, алар менен ар тараптан алакада болуп турган. Кыргыздар менен өзбектер, башка түрк элдери сыяктуу эле, ушул мамлекеттин курамында турган мезгилде ислам динин чогуу кабыл алган. Дүйнөгө атагы чыккан, жалпы түрк элдеринин тилинин, жазма адабиятынын эң алгачкы баштоочулары – ”Диван лугат ат-түрк” – (“Собрание тюркских наречий”) – Түрк сөздүгүнүн жыйнагын” жана “Кутадгы Билиг” – (“Благодатное знание”) -“Кут билимин” жараткан, XI кылымдын даанышмандары Махмуд Кашгари жана Жусуп Баласагын жалпы түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздар менен өзбектердин сыймыгы болуп эсептелишет.

Орто Азиянын элдери, алардын ичинен кыргыздар менен өзбектер, XI кылымда кидандарга-кара кытайларга, ал эми XIII кылымда монголдорго каршы бир турган. Бирок, Чынгызхандын жана анын тукумдарынын аскерлерине каршы туруу жана эркиндигин сактап калуу өтө кыйын эле. Кыргыздар менен өзбектер XIII кылымдан баштап Чынгызхандын жана анын кийинки муундары түзгөн мамлекеттин курамында болушкан.

Жогоруда айтылгандай, бул эки бир тууган эл – кыргыздар менен өзбектер – тарыхтын ар кандай жолунда ар дайым, мейли өзүнчө мамлекет түзүп гүлдөгөн мезгили болобу, же ар кандай чет элдик баскынчыларга каршы күрөш болобу, чогуу болуп, бир тагдырды тең бөлүшкөн. Чогуу жашашкан, ошонун негизинде, алардын этностук генетикасында, чарбасында, маданиятында жана башка күнүмдүк турмушунда абдан көп жалпылыктар пайда болгон.

Биринчи иретте, алардын этногенетикалык жактан эң жакын элдерден экенин тарыхчылар жана этнографтар байма-бай изилдеп жана жазып келишет. Эгер тарыхчылардын эмгектерине кайрыла турган болсок, кыргыздардын ичкилик тобуна кирген көп ири уруулардын параллелдери өзбек элинде да арбын. Мисалга алсак, ичкилик тобуна кирген кыпчак, каңлы, кесек, найман, кереит, меркит, бостон, дөрбөн жана башка уруулары кыргыздардын эл болуп калыптанышына зор мааниси болсо, дал ушундай ат менен миңдеген уруулар да өзбек элинин катмарына кошулган. Башкача айтканда, орто кылымда, бир эле түрк урууларынын өкүлдөрү Борбордук Азиядагы, ал гана эмес андан тышкары, жашаган түрк тилдүү элдердин курамына кеңири кирип, алардын терең катмарын түзүп, ошол элдин этностук аң-сезимин кабыл алып калышкан. Жогоруда аталган түрк тилдүү уруулары негизинен Өзбекстан Республикасынын, Фергана өрөөнүнүн Фергана жана Анжиян облустарында кеңири жайгашышкан. Алардын өзүн-өзү таануусу өзбек этносунун калыптанышына жана эл болуп калыптанышына ири этностук катмар болуп киришкен.

XVII кылымда жунгарлар Орто Азияга көз артып, басып алууга умтулушкан жана жергиликтүү түрк тилдүү элдердин – кыргыз, өзбек, казак, ж.б. – бирдиктүү, зор каршылыгына дуушар болушкан. Бирок, күч бирдей болбогондуктан, ортоазиялыктар убактылуу баш ийип берүүгө аргасыз болушкан.

XVIII кылымдын башында Фергана өрөөнүндө Кокон хандыгы түзүлүп, ал XIX кылымдын экинчи жарымынын орто ченине чейин жашап, ал хандыкты өзбектер менен кошо кыргыздар да түзүүгө активдүү катышкан. Эгер хандыктын башында, негизинен өзбектер турган болсо, ал эми алардын вазирлери, ири шаарлардын жана аймактардын бектеринин бир тобу кыргыздар болгон. Мисалга алсак, XIX кылымдын орто ченинде Кокон хандыгынын тагдырын чечүүдө, хандарды тактыга отургузууда жана алардын бийликтен кетишине кыргыздар Нүзүп бий, Алымбек датка, кыпчак-кыргыз Мусулманкул, Алымкул аталыктар зор роль ойногон. Ал гана эмес Кокон хандарынын ичинен Нарбото хандын, Шералы хандын аялдары кыргыз болуп, ал эми алардын балдары болгон Алимхан хандын, Омор хандын, Кудаяр хандын апалары кыргыз болгон. Демек, кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы байланыш жана бир туугандык алардын социалдык-экономикалык жактан гана болбостон, алардын үй-бүлөлүк мамилелерин да кеңири камтыган. Кокон хандыгынын башкаруучуларынын эки элди бириктирүү максатында кыргыздардан жар күтүшү элдин кийинки катмарларына да кеңири тараган. Бул көрүнүш эки элдин бирге, ынтымакта кошуна жашоосуна жана алардын ортосундагы алыш-бериштин өнүгүшүнө алып келген.

Кийин совет бийлигинин алгачкы жылдарында да кыргыздар менен өзбектер, Орто Азиянын башка элдери менен бирдикте Туркестан автономия мамлекетинин курамында бир болуп, 1920-жылдын орто ченинде гана өз-өзүнчө мамлекетке тараган.

Кыргыз жана Өзбек автономиялуу республикаларынын Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагалары Орозбек Абдыкадыров менен Юлдаш Ахунбабаевдин бекем жана ак пейил достугу жөнүндө азыркы мезгилге чейин эки элдин оозунда легенда болуп айтылып келет. Алардын чыныгы достугу эң биринчи иретте эки бир тууган элдин ынтымагын, ысык мамилелерин күчөтүү жана бекемдөө болгон.

Тагдырдын буйругу менен жүз миңдеген кыргыздар Өзбекстан Республикасында, ал эми жүз миңдеген өзбектер Кыргызстанда жашап, бул өлкөлөрдү алар өздөрүнүн мекени катары эсептешет. Ушул күндө Кыргызстанда 800 миңге жакын өзбек улутундагы жаран Ата Мекен үчүн эмгектенип жана жашап келишет. Ал эми 1959-жылкы бүткүл союздук эл каттоо боюнча Кыргызстанда болгону 218 миңден ашык гана өзбек этносунун өкүлдөрү болгон. Бул биздин өлкөдө бардык этностук жалпылыктар, алардын арасында бир тууган өзбек эли үчүн өсүп-өнүгүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгүнүн далили.

Жыл өткөн сайын кыргыз менен өзбек куда күтүп, эки улуттан куралган үй-бүлөлөрдүн саны арбып барат. Мисалга алсак, эгер 2005-жылы Кыргызстанда кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы жаш үй-бүлөлөрдүн саны 295 болсо, акыркы мезгилде андан эки эсе өскөн. Өзбек этносунун жаш мууну өзбек тилинде билим алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Азыркы күндө республикада, өзгөчө өлкөнүн түштүк аймактарында, өзбек этносу көп жайгашкан райондордо жүздөн ашык жалпы билим берүү мектепте жүз миңден ашык окуучу билим алат. Кыргыз Өкмөтү жана аймактык жетекчилер ал мектептердин өзбек тилиндеги окуу куралдары жана мугалимдери менен толук кандуу жабдылышы жана болушу үчүн бардык аракетин жасоодо. Өлкөдө кыргыз жана өзбек мектептеринин материалдык базасынын өнүгүшү жана мугалимдер менен толукталышы боюнча эч деле айырмачылык жок.

Акыркы 3-4 жылдын ичинде өлкөбүздүн түштүк аймактарынын кай бир райондорунда –Ноокат, Кара-Суу, Араван, Өзгөн ж.б. – өзбек этносундагы ата-энелер, өз балдарынын кыргыз тилин жакшы өздөштүрүп, мамлекеттин ар кайсы жооптуу кызматтарына баруусуна кызыкдар, ошол себептен, өз каалоолору менен алгачкы класстан баштап эле кыргыз тилиндеги мектептерге бере башташты. Жогорку окуу жайларда миңдеген өзбек жаштары Кыргызстандын башка улуттарынын жаш муундары менен бирдей укукта билим алышууда. Жогорку билим алууда этностордун ортосунда эч кандай кысымга алуучулук жок, бул багыт демократиялык жолго коюлган.

Өлкөдөгү бардык этностордун өкүлдөрү, анын ичинде өзбектер да материалдык жана руханий маданиятын каалагандай өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар жана ал үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Мисалга алсак, Ош шаарындагы Бабур атындагы академиялык өзбек музыкалык-драма театры – Кыргызстандагы эң алгачкы театрлардын бири. Бул театрда ар дайым өзбек жана дүйнөлүк мыкты драмалык чыгармалар коюлат. Кыргызстандагы өзбек этносу өз элинин жана жазуучуларынын чыгармаларынан өксүк болушпайт. Театрдын көркөм жетекчиси, Кыргыз Эл артисти Б.Тухтоматов жана бүт актердук курам толугу менен өзбек этносунун өкүлдөрүнөн. Бул академиялык театрда КР беш эл артисти, КР эмгек сиңирген жети артисти жана КР маданиятына эмгек сиңирген эки ишмери эмгектенет.

Жакын арада, Кыргызстандагы өзбек коомчулугунда ири маданий окуя орун алды. Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Б.А.Фаттаховдун, Кыргызстандагы өзбек улуттук борборунун жетекчилиги жана аракети менен “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” үчилтигинин кыска варианты (кыргыз тилинде түзүүчү М.Байжиев) бир китеп болуп, белгилүү жазуучу А.Абдугафаровдун котормосунда өзбек тилинде жарык көрдү. Өзбек коомчулугунун өкүлдөрүнүн айтуусунда, бул калың элге жакын, жатык тилде жакшы которулган. Ошондуктан, кыргыз элинин бул элдик оозеки чыгармасы өзбек элинин калың катмарына терең жайылат деген терең ишеничтебиз.

Улуу “Манас” эпосунун үчилтигинин өзбек тилине которулушу, элдин терең катмарына тарашы жана бул китеп аркылуу, бир тууган элдин, кыргыздардын басып өткөн драмалык тарыхын, руханий маданиятын терең таанып-билүүсү, эки бир тууган элдин мындан ары да жакындашуусуна жана ынтымагына көмөкчү болот деген тилектемин. Илимде, медицинада миңдеген таланттуу окумуштуулар, дарыгерлер эмгектенип, өз билим жана эмгегин өз өлкөсү – Кыргызстанга жана көп улуттуу элине жумшоодо. Кыргыздар жана Кыргызстандын көп улуттуу эли КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, Социалисттик Эмгектин Баатыры М.Миррахимов, академик М.Мамасаидов, профессор, Кыргыз Республикасынын Баатыры Э.Акрамов, профессор А.Исманжанов, Социалисттик Эмгектин Баатырлары, пахтакерлер С.Юсупова, А.Анаров, Д.Рафикова, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер А.Исабаев, Б.Фаттахов, С.Атажанов, Б.Жураев, Э.Кучкаров, Б.Ахмедов, А.Тожибаев жана башка өлкөнүн сыймыгы болгон өзбек элинен чыккан эр азамат уул-кыздары менен сыймыктанат жана аларга дайым сый көрсөтөт.

Ар кандай чагымчыл күчтөрдүн жана эски бийликтин кара ниет иштеринин кесепетинде 2010-жылдын июнь айында ордолуу Ош шаарында, берекеси белден болгон, көп улуттуу, ынтымактуу Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп кеткен каргашалуу окуялар экинчи кайталанбасын деген терең үмүттөбүз. Себеби, жогоруда, карт тарых далилдегендей, бул эки бир тууган элдин бирге, ынтымакта жана достукта басып өткөн бай жана мазмундуу тарыхы ар дайым, биз үчүн, кийинки муундар үчүн, үлгүлүү сабак болот деген ишеничтемин. Тарыхы, тили, дили жана дини бир болгон эки бир тууган элдин бүгүнкүсү жана келечеги ынтымак-ырашкерликте жашоосуна гана байланыштуу.

Накен КАСИЕВ