семья1

Сауд Аравиясынын бир жашоочусу жакында күйөөсүнө өзүнүн эки курбусун аялдыкка алгын деген шартын коет. Мындайды күтпөгөн күйөөсү анын шартынан баш тартайын деген оюна, туугандары караманча каршы болушпастан, аялы сунуштаган анын эки курбусуна үйлөнүүсүнө макулдатышат.

Ошол эле Сауд Аравиясында 2013-жылы бир атуул окуучу кызга үйлөнүп гана тим болбостон, анын класс жетекчиси, мектептин директору, аялдарга билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен да мамилесин бекемдеген.

Дүйнөдө эң көп үй-бүлө Индиянын Бактванг кыштагында жашайт. Алардын үй-бүлөсү 181 адамдан турат. Мындай үй-бүлөлөрдүн саны күн өткөн сайын өсүүдө мисалы, 67 жаштагы Зионачандын 39 аялы, 94 баласы, 33 небереси, 14 келини бар. Бул үй-бүлө 100 бөлмөлүү 4 кабат үйдө жашашат. Үй-бүлө ээсинин гана өзүнчө бөлмөсү бар, калган үй-бүлө мүчөлөрү үйдүн чоң залында чогуу турушат. Үйдө өздөрүнүн мектеби, күрүч, эгин талаалары, чоң алма, жемиш багы бар. Үй-бүлө ээси мамлекеттен эч кандай жардам албаганын, үй-бүлөдөгү эркектердин баары ар кандай жашоого өтө керектүү кесипте иштээрин, тапкан акча каражаттарын тамак-аш, кийим-кече сатып алууга керектээрин, мамлекеттен эч кандай жардам сурашпагандыгын өтө сыймыктануу менен айтат.

Даярдаган Бактыбек Имамадиев