“Доллардын курсу бир гана сомго карата эмес, рубль, теңге, евро жана башка дүйнөлүк валюталарга карата өсүүдө”,- деди бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйынында КРнын Улуттук банкынын башчысынын орун басары Нурбек Жеңиш.

Анын айтымында, эл аралык каржы рыногунда АКШ долларынын күчүнүн бекемделгени байкалууда. “2014-жылдын 1-сентябрынан бери 1 доллар 36,93 орусиялык рублдан 40,96 рублга чейин өстү. Ушул мөөнөттүн ичинде казакстандык теңге долларга карата 10 пайызга арзандады. Мындан тышкары жылдын башынан тарта доллар еврого карата 7,5 пайыз, түрк лирасына карата 4,61 пайызга кымбаттады”,- деди Нурбек Жеңиш.
Айта кетсек, 2014-жылдын сентябрынын башынан тарта доллар сомго карата 5,87 пайызга өсүп, 52,95 сомдон 56 сомго чейин жогорулаганы белгилүү болгон.
Булак: super.kg