Момбеков

Кыргызстанда мамлекеттик маанидеги документтерди мамлекеттик “Учкун” басмаканасында басылышына уруксат берген  Өкмөттүн атайын токтому чыккан. Бирок, ал токтом аткарылбай, жең ичинен сүйлөшүү же жеке адамдардын кызыкчылыктарынан улам ортодон пайдага туйтунуу максатында менчик басмаканаларда басылып келет. Өкмөт токтомунун аткарылышына кандай тоскоолдуктар болуп жатат жана азыркы абалы кандай экенин сурап, “Учкун” ААКнын башкы директору Рыскелди Момбековго кайрылдык.

Рыскелди мырза, мамлекеттик маанидеги документтерди “Учкун” басмаканасынан чыгаруу боюнча Өкмөттүн токтому чыккан эле. Анын аткарылышы кандай болууда?

– Бул тууралуу Өкмөттүн токтомунун чыкканына эки жыл болду. Андан кийин дагы персонификацияланган документтерди (орто мектептерде билим алган балдарга берилүүчү аттестат, күбөлүктөр, ЖОЖдорду, кесиптик техникалык окуу жайларын бүткөндөргө берилүүчү дипломдор) “Учкундан” басуу боюнча экинчи токтом чыккан. Токтом чыккан менен аны тоготпогондор бар. Өкмөттүн токтомунда “ата-мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында мамлекеттик маанидеги документтердин баарын “Учкун” басмаканасында бир булактан бастырсын” деп милдеттендирген Өкмөттүн тапшырмасы турса дагы, мурдатан иштешип жүргөн жерлерине кайра берүүгө айла-амал, жол издешкен учурлар көп. Негизи, мамлекеттик маанидеги документтердин 370 түрү болсо, анын араң 60ын Өкмөттүн эки токтомуна такап кайрый алдык.  Алар: ЖОЖдор менен кесиптик техникалык окуу жайларын бүткөндүгүн тастыктаган дипломдор, анын баасы 65 миллион сомдук тапшырык. Андан башка жерге ээлик кылуучу мамлекеттик актылары, баасы 7 миллион сом, төрөлгөндүгү, өлгөндүгү, үйлөнгөндүгү тууралуу берилүүчү күбөлүктөргө Мамкаттоо кызматынан берилүүчү документтер, баасы 18 миллион сом. Бирок, дагы деле мамлекеттик маанидеги эң чоң каржысы бар жарандык паспорттор менен акциздик маркалар менчик басмаканаларда жана чет өлкөлөрдө, анан да Салык кызматынан берилүүчү эң эле көп колдонула турган счет-фактураларды, Соцфонд өздөрүнө тиешелүү ар бир адамга берилүүчү ИНН номерлерин да тендер өткөрүмүш болуп, менчик басмаканаларга берип жиберишүүдө. Бул айланып келип эле жең ичинен ичип-жей турган ыкмалардын азырга чейин колдонулуп келгенинен кабар берет.

Бүгүнкү күндө аттестаттарды биздин басмаканага алуу боюнча кызыл чеке болуп кырылышып жатабыз. Бул маселе боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кабардар. Ошентсе да анын канчалык аракет кылуусуна карабай, Билим берүү жана илим министрлигиндеги буга чейин ушул жол аркылуу пайдага туйтунуп келишкен 4-5 адамдан турган “мафиянын” жолун тосуу оңой болбой жатат. Ачыгын айтсам, буга чейин алардын түздөн-түз кийлигишүүсү менен аттестаттар “Веполь” деген жабык акционердик коомдон басылып келген. Алар менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү бүтүп калса дагы, мыйзам бузуу жолу менен кайра беш жылга бергенге аракет болууда. Алардын мурдагы беш жылдык келишими боюнча дагы кызык кырдаал жаралды. Ал келишим 2010-жылдын 13-апрелинде ал кездеги министр Мусаев Абдылда тарабынан кол коюлган деп жүрөт. Иликтеп көрсөк, Мусаев ал кезде Өкмөттүн курамы менен отставкага кеткен болуп чыкты. Өзүнө ошол шектүү келишимди көрсөтсөм, “менин колум эмес” деп так секирип чыкты. Эми муну укук коргоо органдары текшериши керек.

Бизге тоскоолдук жаратып жаткан дагы бир басмакана бар. Ал “Континент”. Ушуну дагы Өкмөт ооздуктаганга алы жетпей жатат. Бул басмакана башында Айдардыкы, кийин Максимдики болгон, азыр болсо рейдерлик жол менен дагы бир белгилүү кишилер басып алып, иштетип жатышат. Басмакана декреттин негизинде улутташтырылганы менен андагы мыйзам-ченемдер аткарылбай, 4 жылдан бери өз каалаганынча иш жүргүзүп келет. Анысы аз келгенсип, үстүбүздөгү жылдын башында вице-премьер-министр В.Дильге мамлекеттик басмакана биздин базабызда түзүлсүн, “Учкунга” караганда биздин тетиктерибиз, жабдууларыбыз жаңы”,- деп кайрылышыптыр. Ал тургай токтом долбоору даярдалып, аны аткарууга киришкени жатышканда мен Президент Алмазбек Атамбаевге кирип, маселе тууралуу маалымат берип, Өкмөттүн мындай аракети өздөрү токуган эки токтомго каршы келерин жана анын артында кимдер турганын ачыктагам. Ага чейин бул маселе боюнча Премьер-министр Жоомарт Оторбаевге да кирип чыккан элем. Президент тарабынан көрсөтмө болдубу, айтор, чамына киришкен иштери токтоп калгансыды. Басмакананын башкы директору алмашты. Бирок, Өкмөттүн  “Учкун” менен “Континентти” бириктирип, экөөнүн базасында мамлекеттик чоң басмакана ачып, бардык мамлекеттик маанидеги документтерди ушул жерде басуу керек деген атайын долбоору бар. Аны ишке ашыруу эмнегедир кечиктирилип жатат.

Мамбюджеттен эң эле көп каражат акциздик жана почталык маркаларды чыгарууга кетет экен. Булар чет өлкөдө басылып чыгат, жакында аны чыгара турган жабдыктарды өлкөбүзгө алып келүү боюнча аракеттер жүрүп жатат дегениңиз бар эле…

– Кыргызстанга заманбап техникалык жабдууларды алып келүү боюнча жакында Өкмөттүк делегация Швейцария өлкөсүнө барып келди. Делегациянын курамында мен да бар элем. Сапарыбыздын максаты оңунан чыккандай болду. Акциздик марканы эле эмес, Кыргызстандагы жарандык паспортторду жана акча бирдиктерин чыгара турган “Айкон”, “Симултан”  деген жабдыкты алып келүү боюнча атактуу “КБА Нотасус” фирмасы менен сүйлөшүп келдик. Болгону, баасы кымбатыраак экен. 25 миллион евро деген биз үчүн чоң акча. Бирок, алар жабдыкты кредит түрүндө деле бергенге даяр. Жөн гана жабдыктын өзүн эле берип койбостон, алгачкы жылы адистерибизди бекер окутуп беребиз деп жатышат. Эгерде, ал жабдыкты ала турган болсок, эки жыл ичинде эле өзүн өзү актаарына күмөнүм жок. Бара-бара башка өлкөлөрдөй болуп биз да өз акча бирдиктерибизди басып чыгара алсак, мамлекет катары чыңала, баш көтөрө баштаганыбыздын белгиси болот. Салыштырып көрсөк, дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн баарынын өзүлөрүндө баалуу кагаздарды чыгара турган басмаканалары бар да, бир гана Кыргызстанда алардыкындай “Госзнак” сыяктуу  басмакана жок экен. Биздин акча бирдигибизди, акциздик маркаларыбызды чыгарган өлкөлөр да биздин өлкөдөгү бул тармакта кандай коррупциялык элементтер болуп жатканын беш колдой билишет экен. Мамлекеттик маанидеги документтер аркылуу канча деген суммадагы каражаттар Өкмөткө түшпөй, жеке адамдардын чөнтөгүнө түшүп жатканын айтышканда, оозубуз ачылды. Эмне үчүн акциздик маркалар Кыргызстандан басылышына салык кызматтары кызыкдар эмес, эмне үчүн жабдык алуу боюнча демилге көтөрүп чыккан орган жок деген суроолор чынында биздин жетекчилердин башын оорутпайт.

Жагымдуу көрүнүш, жабдыкты алып берүү боюнча Өкмөттүн ниети бар. Өлкөбүздүн Бажы биримдигине кошулуусу үчүн жеңилдик берүү багытында негизги стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Орусия 1 млрд. доллар өлчөмүндө каражат бергени жатат. Анын алгачкы 100 милиону түштү. Тайырбек Сарпашев ошол каражаттан этап-этабы менен жабдыкты алып берүүгө убада кылды. Азыркы учурда орун басарым Аскат Койчуев жабдыкты алып келүүнүн жолдорун караштырып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп Швейцарияда жүрөт. Иш оңунан чыгып калса, быйыл эле мамлекеттик маанидеги документтерди бир булактан басуу боюнча токтомдун негизинде бардыгын тең биз чыгара баштайбыз.

Айта кетүүчү жагдай, мамлекеттик маанидеги документтерди бизге берүү боюнча токтом кабыл алынып жатканда, Өкмөт тарабынан мурунку басмаканалардан баасы жогору болбош керек деген талап болгон. Биз ал талапты аткарып, менчик басмаканалардан бизге өткөндөргө баасын арзан кылып берип жатабыз. Бул бир жагынан Өкмөткө пайда, экинчи жагынан биз мамлекеттик ишкана болгон соң, бизге түшкөн каражаттын 20%ы мамлекетке дивиденд катары түшүп турат.

Калктын биометрикалык маалыматтарын чогултуу уланып жатат. Эмки жылдан тартып, ыктыярдуу калкка биопаспорттор бериле баштайт. Биопаспорттор “Учкун” басмаканасынан басылабы?

– Биометрикалык паспортторду басуу боюнча Мамкаттоо кызматы тендер жарыялаганы турат. Бирок, тендер жарыяланбашы керек. Ал Өкмөттүн токтомуна карама-каршы келип калат. Бул жерде дагы бир нерсе бар. Өкмөттүн мамлекеттик маанидеги документтерди бир булактан басуу боюнча токтомуна ылайык, бизге мындай укук берилгени менен мыйзамӨкмөттүнтоктомунанжогорутурат деген шылтоо менен көбү менчик басмаканаларга кетип калып жатышат. Карап көрсөк, мындай да коркунуч бар. Бирок, биз Швейцариядан заманбап жабдыкты алып келсек, биопаспортторду да чыгарганга толук мүмкүнчүлүктөрүбүз болот. Баасы да эки эсе арзан болмокчу.

“Учкун” мамлекеттик ишкана болгонуна карабай, айрым бөлүктөрү менчиктештирилип, сатылып кеткен. Аларды мамлекеттин карамагына кайтаруу боюнча көрүп жаткан аракетиңиздин жыйынтыгы кандай болуп жатат?

– Аракеттер алиге дейре соңуна чыга элек. Дал ушул маселе боюнча Президентке төрт курдай кирип чыктым. Кат менен да бир нече ирет кайрылдым. Азыркы башкы прокурор Индира Жолдубаева ошол кездеги башпрокурор Аида Саляновага маселебизди карап, жыйынтыгын чыгарууну жолдогон. Ал эми Салянова өзгөчө тапшырма менен бир башкармалыкка тапшырган. Алар болсо созуп, “сойгулап”, “эскпертиза чыгарыш керек” дегенинен анын акчасын да төлөп бердик. Ошентсе да азырга чейин бир жыйынтыгы чыкпай келет. Мен буга “чоң бир фигуралар” тоскоолдук кылып жатса керек деп ойлоп жатам. Болбосо, Президент тапшырма берген иш чагылгандан тез аралыкта аягына чыгыш керек эле да. Бул маселе баягы эле мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен “Учкундун” 1 жана 15-16-кабаттарын мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча аракеттер. Үстүңкү эки кабатты мыйзам бузуу жолдору менен “5-каналдын” ал кездеги  ээси О.Малеваная 2007-жылы 1 миллион 35 миң сомго менчиктештирип алган. Бүгүнкү күндө “5-канал” банкрот болуп, “Кыргызтелекомго” карыз болуп калып, ошол карызынын эсебине “Учкундун” 15-16-кабаттарын 65 миллион сомго баалап бергени турат. Биринчиден, бул эки кабат 7 жылдын ичинде 64 миллион сомго кымбаттап кеткенине ким ишенет? Экинчиден, “Кыргызтелеком” мамлекеттик имараттын бөлүгүн менчик телеканалдын карызына баалап алып, өзүлөрүнүн карызынын эсебинен Өкмөткө караштуу Маммүлктү башкаруу фондуна өткөрөт экен. Маммүлктөн  анан бизге кайра өткөрүлүп берилет имиш. Мен буга макул эмесмин. Менчик телеканал өз карызын өз каражатынын эсебинен төлөсүн, а мамлекеттик имараттын бөлүгүн канча суммага сатып алган болсо, ошол сумма менен гана кайтарылып алынат. 65 миллионго баалагандын өзү акмакчылык.

Ал эми 1-кабаттагы ресторан азыр бир “атактуунун”  менчигинде. Муну дагы “билерман” Елисеевдер тарабынан болгону 4 миллион сомго бааланып, сатылган. 2010-жылы көз каранды эмес эксперттер текшерип, бул жайды 19 миллион сомго баалашкан. Демек, мамлекетке 15 миллион сом зыян келтирилгени анык. Муну дагы Башкы прокуратура карап бүтө элек. Эң негизгиси, өлкөнүн Баш мыйзамында өзгөчө макамы бар мамлекеттик имараттар эч качан бөлүнүп, жарылып, тонолууга, сатылууга жол берилбеси даана белгиленген. “Учкун” Т.Усубалиевдин убагында курулган өзгөчө стратегиялык имарат – ЦК компартиянын басма үйү болчу. Демек, бул имарат да тарыхый мамлекеттик мурастардын катарына кирет. Башкы прокуратура Башмыйзамга таянып деле “негизги мыйзам бузулган экен” деп, жыйынтык чыгарып койсо болот эле. Эми жаңы Баш прокурор келди. Ага маселе тууралуу кайрадан кайрылууга туура келет. Индира айымдын бул маселеден кабары бар. Иштин жыйынтыгын оңунан чыгарып берет деген үмүттөбүз.

Динар ТУРДУГУЛОВА