Улуттук банк Токтогул Сатылгановдун небересине мааракелик 100 сом номиналындагы банкнотту белекке берди

КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Бактыгүл Жээнбаева белгилүү төкмө акын, комузчу Токтогул Сатылгановдун небереси Молдожан Токтогулов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Бактыгүл Жээнбаева Молдожан Токтогуловго эстеликке Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине арналып чыгарылган 100 сом номиналындагы банкнотту берди. Молдожан Токтогулов өз кезегинде Улуттук банктын жетекчилигине аталган банкнотту түзгөндүктөрү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине карата “Токтогулга 150 жыл” жазуусу бар атайын банкнот жарык көргөн. Ошондой эле Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата да “Алыкул Осмоновго 100 жыл” деп жазылып, алтын түстө акындардын элестери түшүрүлүп, улуттук оймо-чиймелер тартылган.

Белгилей кетсек, мындай банкноттордон 3000 даана чыгарылды.

Банкнот

Булак: super.kg