Жакында Оогандагы памирлик кыргыздардын ал-абалын билип, гумжардам жеткирип ЖК депутаттары, дарыгерлер, ММК өкүлдөрү барып келишти. Алар менен кошо барган “Азаттыктын” журналисти Али ТОКТАКУНОВдун журналисттик эмес, адамдык көз караштагы оюн ортого салдык. 

– Оогандагы памирлик кыргыздардын абалын билүү максатында экспедициялык топ түзүлө баштаганда эле “Азаттыктын” журналисттери чуркап жүрүп кошулдук. Ооганстандын климаты оор келип, ал жер деңиз деңгээлинен 4000-4500 метр бийик болгондуктан дем алганыбыз оорлоп, кан басымыбыз көтөрүлдү. Ошентсе да кыйынчылык менен болгон сапарыбыз байсалдуу болду. Бизди келет деген кыргыздар кыштоолордон түшүп келип күтүп турушкан экен. Экспедициялык топ Улуу жана Кичүү памирге экиге бөлүнүп бардык. Биз Улуу Ооган Памирине барсак жүздөй адам күтүп туруптур. Эртеси түшүп келгендерин кошкондо эки жүздөн ашык адам болду. Бул жактан алып барган гумжардамдарды тараттык. Биз менен кошо барган дарыгерлер алардын ден соолуктарын текшеришти. Мурда биздин экспедиция гумжардамды берип эле кетип калышчу. Бул жолкуда биз алар жеген тамакты жеп, бир күн бозүйдө түнөп, жашоосуна бир сыйра сүңгүп кирип, жакындан таанышып кайттык. 


Памирлик кыргыздардын турмушу

Булар жашаган жер бийик болгондуктан эч кандай жемиш өспөйт. Тамактангандары жалаң эт, топоздун сүтү, каймагы, камырдан жасалган азыктар. Бизге чий боорсок, май токоч, оромо нан дегендерди койду. Бозүй, чатырларда жашашат, кышкысын таштан жасалган кепелерди куруп эптеп сууктан чыгышат экен. Климаттын оордугунан алардын көпчүлүгү 50-55 жашта эле каза болуп калышат. Эң көп жашады дегени жетимиштен ашпайт. Алар өздөрүнүн жаштарын да так билишпейт экен. Кыздар абдан аз, үйлөнө турган эркектер көп. Ошонун айынан кичинекей кыздарды балакатка жеткенде эле күйөөгө берип салышканы өкүнүчтүү болду. 2008-жылы Айшакан деген кыз 8 жашта экен. Биз барганда ошол кыз турмушка чыгып келин болуптур. Аны төрөбөй жатат, доктурга көргөзөлү деп алып келишиптир. Анын турмушка чыкканына беш-алты жыл болду дейт. Ошол 2008-жылы ал кыз сегизде болсо азыр болгону 16 жашта. Аны көрүп абдан кейидик. Памирлик кыргыздар менен сүйлөшсөм, “бизди унутпай, кабар алып тургула. Биз кеселдеп калган күнү жашоодон үмүтүбүз үзүлүп, өзүбүздүн кепинибизди тиге баштайбыз” деди. Ушуну укканда тамагыма бир нерсе тыгылгандай абдан жаман болдум. Кыскасы, алар биздин, дарыгерлердин жардамына, мугалимдерге абдан муктаж. Бизди көчүрүп кеткиле дейт. Көчүрүп кете албасаңар бизге доктур, мугалим бергиле дешет. Медицинанын күчүн колдонуп узак жашагылары, билим алып сабатсыздыкты жоюп, дүйнө тааныгысы келет экен. Өмүр бою кыздын колун кармабай так өтүп кеткен эркектер көп. Ошолорду алып барып үйлөндүргөнгө жардам берсеңер деп жалдырашты. Ушунча убакыттан бери аларды көчүрүп кете албай жатканыбызды түшүнүштү окшойт, эгер көчүрүп кете албасаңар жардам бергиле деп калышыптыр. Менин жеке пикиримде аларды бул жакка көчүрүп келип же көңүл бурбасак ошол жактан тукум курут болуп калуу коркунучу турат. Кандай болбосун биз аларды сактап калуубуз керек. 

Билимге суусаган жаштар…
Ошол жердеги кыргыздардын 1979-жылга чейин Ооган жарандыгын алган паспорту бар экен. 1979-жылкы революциядан кийин Ооган бийлигинде ар кандай жагдайлар болуп, тоодогу кыргыздарга көңүл бурулбай калган. Андан кийинки балдар документи жок төрөлүшкөн. Күтүрөгөн байлары, мал-жанын, там-ташын толугу менен көчүрүп барсаңар биздин байлыкты сактоого кепилдик барбы деп сурап жатышты. Чындыгында алардын саны 2000 болгону менен күткөн малы андан да көп болушу мүмкүн. Аларда башкача коом, Ооганстандагыдай көз караш, бай, кул ээлөөчү болуп бөлүнөт. Тең укуктуулук деген түшүнүк жок. Көп аялдуулук мыйзамга каршы келерин билишпейт. Аларды бул жакка алып келип тең укуктуу жашатууну үйрөтүү да өзүнчө көйгөй. Ал жактагы жаш балдардын абалы оор, билимге муктаж, медициналык жетишсиздиктен жабыркаган. Ошолорду бул жакка алып келип интернаттарга жайгаштырып, окутуп, кайра ошол тамырларына жиберсек, алар башкаларын бул жакка жиберип, жаш муундарын алып келип адаптация кылсак болчудай экен. 
Ата салтын унуткан жокпуз дешти. Оозеки өнөрчүлүктү сактап келаткан манасчылары, комузчуларынын көзү өтүп, шакирттер тарбияланбай өнөрлөрү жоголуп, өксүп баратыптыр. Анча-мынча оозеки чыгармачылыктары калыптыр. Бирөө секетбай ырдады. Дагы бирөө арман ырын ырдап берди. Аларга телефондон “Кара жоргону” угузуп, бийин көргөзгөндөн кийин кыргыздын “Талма” жана “Сынма” бийине окшош бийин бийлеп беришти. 10-12лердеги бала ышкырып, талпынып секирип бийлеп берди. 

Аялдар аздыгынан туугандарына үйлөнүшөт
Аялдары ырдап, бийлемек турсун, биздин суроолорубузга жооп бербей күйөөлөрү кызганып, сүйлөтпөй койду. Улгайган апалар гана сүйлөп беришти. 35-40 жашка чейинки эркектер колунда байлыгы, малы жок, калыңга каражат топтой албай үйлөнбөй калышат экен. Ал жакта нике катуу корголот, бирөөнүн никесине көз артуу, сүйүү деген жок. Ошол эле учурда колунда байлыгы бар байлары эки-үчтөн аял алышат. Калыңга акчасы жетпегендер эки-үч ата өткөн туугандары менен үйлөнүп, алардан акыл-эси кем балдар көп төрөлүшөт экен. 
Кыз-келиндер кызыл-тазыл кийимдерге абдан кызыгышат экен. Кабаттап шуруларды тагынганынан улам аларды байдын аялдары го деп ойлодук. Турмушка чыгалек кыздар кызыл жоолук, келин болгондон кийин ак жоолук салынышат. Бирок ушулардын ичинен окуп, цивилизацияга аралашып, жуурулушуп кеткендер да бар экен. Ошол жерде Абдыжалил деген хандын Ажирейил деген баласы Ооганда төрөлгөн, жашынан эле шаарда он эки класста окуп, андан кийин Ташкенден юридикалык окууну аяктап, Москвада эки жыл билим алган. Учурда Ооганстандын чегара батальонунун командири экен. Биздин барарыбызды памирлик боордошторубузга Ажирейил билдирген. 

Сүйүү, сезим деген жат көрүнүш
Биз менен сүйлөшкөнгө абдан кызыкдар экен. Кичине эле өзүбүзчө бассак артыбыздан 10-15 адам ээрчип сүйлөшүп жатышты. Алардын жүрөктөрү Кыргызстанда экенин айтып, өз жерибизди элибизди көргүбүз келет деп көздөрүнөн жаш чыгып сүйлөп жатканын көрүп жаман болдук. Ал жакка кийим алып барган эмеспиз. Биз кетип жатканда өзүбүздүн ашыкча кийимдерибиздин баарын бердик. Аларда сүйүү, сезим деген болбойт экен. Эгер сүйүшүп үйлөнүшсө урууга наалат келтирет деп жаман көрүшөт, сүйүү жат көрүнүш. Ал жерде жалгыз дарыгер болуп калды. Жөндөн жөн эле кошулуп барып келгендер да болду. Алар мага таарынышпасын, бирок пайдалуу адамдарды көбүрөөк ала барсак дейм. Ал жакка ырчыларды да алып барсак жакшы болмок. 

Орозбек МУРАТОВ, Ооган кыргыздарына барып, ден соолугун текшерип келген врач хирург:
“Бардыгы эки-үч ооруну алып жүрүшөт экен”
– Мектепте окуп жүргөндө эле памирлик кыргыздар боюнча окуп билип, эки-үч жылдан бери ошол жакка барууга аракет кылып жүргөм. Быйыл Миграция министри уюштуруп жаткан экспедиция курамына кошулайын десем, ал жакка алып бара турган дары-дармектерди өзүңдүн каражатыңа аласың биз сага эч нерсе төлөбөйбүз деген талапты коюшту. Ага макул болдум. Алар кандай оору менен жабыркашат деп адегенде кичине мониторинг жүргүзүп, ошого жараша бардык дарыларды алдым. Алып барган ар бир дарым текке кеткен жок. 
Ал жактан 200 эркектин ден соолугун карадым. Аялдарды башка гинеколог текшерди. Алардан жашын сурасам так жашын билишпейт. Булардын эң негизги оорусу жүрөк кан тамыр оорулары, витамин жетишпестиги, аз кандуулук, муун оорулары көп чыкты. Жаш балдарда итий, ичеги оорулары басымдуулук кылат. Аларда мончо жок, жуунбайт, өздүк гигиенаны сактабагандыктан тери оорулары да көп. Денесинде кычышып, кызарган жерлери көп экен. Алардан жуунасыңарбы деп сурасам таптакыр жуунбайбыз дешти. Кантип жуунушту көргөзүп, май жебегиле, бийик тоодо чуркабагыла, жуунуп, өздүк гигиенаны сактагыла, этти азыраак жеп, кыздарды эрте турмушка бербегиле деген сыяктуу кеңештерди айттым. Кийимдери абдан кир. Жайында кийимдерин эки-үч күн сууга чылап коюп, аны кайра кургатып бир жыл бою чечпей кийишет экен. Бизге көрүнгөнү келе албай калган апасынын, жакындарынын ооруларын айтып, дары жаздырып кетип жатышты. Мен ал жердегилердин абалын сезип, жок дегенде он күнгө калып текшерсемби дегем. Бирок тилекке каршы Тажик өкмөтү Ооганстанга кирип чыкканга он саатка гана уруксат берди. Ошондуктан баарын дыкаттык менен текшерүүгө үлгүрө албадым. Көпчүлүгүнүн тиштери жок, саргарып кеткен, чачтары түшүп калган. Аларда балык бар экен, бирок жешпейт экен. Балыкта көп витаминдер бар, жегиле дедим. Ооганстан өкмөтү дарыгер, мугалимдерге айына 400 доллар төлөп беребиз келип иштесин деп жатышат. Эгер мени чакырса бекер барып деле иштеп бермекмин. Мен ошол жерден Ооган өкмөтү 400 доллар төлөп иштеткен медикке жолуктум. Анын эч кандай медициналык каражаттары, дары-дармектери жок өзү эле жүрөт. Айлыгым 400 доллар дейт, билими орто.Ооруган адамдар кайрылса деле жардам жок. Мен ага өзүм менен ала барган дары-дармектерден ашып калгандарынын баарын өткөрүп, кайсы дары кайсы ооруга керектигин жазып калтырдым. 
Памирлик кыргыздар ич кийим кийбегенденби табарсыктары көп ооруйт экен. Эркектери простатит, аялдары цистит менен көп жабыркашат. Алардын бир гана дарысы – койдун майы. Кандай гана оору болбосун койдун майын сыйпап же ичмей адаттары бар. Биз барарга жакын эки адам өлүптүр. Эмне болгонун сурасам бирөө сокур ичеги, экинчиси инсульт болуптур. Мага текшерилгендердин баары эки-үч ооруну алып жүрүшөт экен. Эгер канын лабораториядан текшерсек дагы биртоп оорулар чыгышы мүмкүн. Баары жөтөлүшөт экен, балким туберкулез да болуп калышы ыктымал. Өмүр бою жөтөлгөндөр бар экен. Чоңоюп калган балдар кичине кезинде суук тийип жөтөлүп калды эле азыркыга чейин кетпей атат дешти. Алар жашаган тоодо жапайы пияз, көбүргөн, сарымсак, ышкын, кымыздык өсөт экен, бирок аларды жебейбиз дейт. Мен аларга ушуларда витамин бар жегиле деп айттым. Ал жерде 10 жаштагы балага алма берип бул эмне деп сурасак дарбыз дейт. Эмки келгенде дары-дармек, кийим ала келсеңер деп суранышты. Эми бара турган болсок аларга ич кийим да ала барыш керек. Себеби алар ич кийим (турсий) эмне экенин билишпейт экен. Чарык чокой, таар, тери шым кийгендерин көрдүм. 

Р.S.: Урматтуу окурман, бул жерге Памирдеги боордошторубуздун жашоосунун бир тамчысы гана камтылды. Алардын жашоосу ушунчалык оор экенин айтып түгөтө албайбыз дейт барып келгендер. 
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, “Агым”